ЖЕЗ КУЙМАЛАРЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЕЗ КУЙМАЛАРЫ</b> – негизи жез болгон куй­малар. | <b type='title'>ЖЕЗ КУЙМАЛАРЫ</b> – негизи жез болгон куй­малар. Жез куймаларына калай, цинк, алюминий, корго­шун, никель, марганец, темир, фосфор, крем­ний жана башка элементтер кошулат. Жез куймалары латунь, коло жана жез-никель куймалары болуп бөлүнөт. Легирлөөчү элементтерге жараша жез куймалары. жогор­ку электр жана жылуулук өткөрүмдүүлүккө ээ, ошондой эле ийкемдүү, бышык жана дат басууга турук­туу. Окистенүү-калыбына келтирүү үчүн эритин­диге бир аз (%тин ондон бир үлүшүндө) фосфор кошулат. Жез куймалары деформациялануучу жана куюл­ма болуп айырмаланат. Деформациялануучу жез куймаларынан жумуру жана жалпак уютмалар кую­луп, басым аркылуу иштетилет да, калдыркан, түтүк, зым жана башкалар жасалат. Куюлма жез куймаларынан металл формалар, фасондуу тетиктер, кооз буюмдар жана айкелдер даярдалат. Жез куймалары автомобиль, ар кандай машина жана кеме куруу­да, электр-техника өнөр жайында, суу жана буу аппарат­тарын жасоодо колдонулат. | ||
[[Категория:3-том, 215-326 бб]] |
06:36, 23 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕЗ КУЙМАЛАРЫ – негизи жез болгон куймалар. Жез куймаларына калай, цинк, алюминий, коргошун, никель, марганец, темир, фосфор, кремний жана башка элементтер кошулат. Жез куймалары латунь, коло жана жез-никель куймалары болуп бөлүнөт. Легирлөөчү элементтерге жараша жез куймалары. жогорку электр жана жылуулук өткөрүмдүүлүккө ээ, ошондой эле ийкемдүү, бышык жана дат басууга туруктуу. Окистенүү-калыбына келтирүү үчүн эритиндиге бир аз (%тин ондон бир үлүшүндө) фосфор кошулат. Жез куймалары деформациялануучу жана куюлма болуп айырмаланат. Деформациялануучу жез куймаларынан жумуру жана жалпак уютмалар куюлуп, басым аркылуу иштетилет да, калдыркан, түтүк, зым жана башкалар жасалат. Куюлма жез куймаларынан металл формалар, фасондуу тетиктер, кооз буюмдар жана айкелдер даярдалат. Жез куймалары автомобиль, ар кандай машина жана кеме курууда, электр-техника өнөр жайында, суу жана буу аппараттарын жасоодо колдонулат.