«ГРИНПИС»: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:02, 22 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
«ГРИ́НПИС» (анг. Greenpeace – «Жашыл дүйнө») – көз каранды эмес эл аралык экол. уюм. Айлана-чөйрөнү бузулуудан сактоо максатында 1971-ж. Канада м-н АКШнын активисттери тарабынан уюшулган. Анын бөлүмдөрү 25 өлкөдө иштейт (а. и. Москвада, Киевде). Негизги каржы булагы – ыктыярдуу кайрымдуулук. «Г.» уюмунун мүчөлөрү тынчтык жолу м-н митинг өткөрүү акциялары аркылуу чөйрөнүн бузулушуна каршы пикирлерин билдирип, мамлекеттерге ж-а өнөр жай компанияларына экол. проблемаларды чечүү б-ча конкреттүү чечим чыгартууга жетишет. «Г.» ядролук куралды сыноого, радиациялык коркунучка, чөйрөнү өнөр жай таштандылары м-н булгоого каршы күрөшөт; сейрек кездешүүчү деӊиз жаныбарларын (түлөн, кит, деӊиз ташбакасы ж. б.) коргоого алып, аларды сактоо б-ча экспедицияларды уюштурат.
Т. Ниязов.