ЖЕР ИШТЕРИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЕР ИШТЕРИ</b> – жер казуу, тегиздөө, тыгыз­доо, казылган топуракты жүктөө же көтөрүп, жылдырып керектүү орунга коюу. | <b type='title'>ЖЕР ИШТЕРИ</b> – жер казуу, тегиздөө, тыгыз­доо, казылган топуракты жүктөө же көтөрүп, жылдырып керектүү орунга коюу. Жер иштеринин максаты – жер кыртышынан инженердик курулуш (плотина, темир жана автомобиль жолдору, ка­нал, траншея жана ушул сыяктуу) куруу, имарат жана куру­луштун негизин түптөө, курулуучу имараттар­дын ордун тегиздөө, ошондой эле пайдалуу кен чыгуу­чу жайлардын үстүнкү бетин ачуу. Ачык ыкма менен кен казып алууга байланышкан жер ииштери тоо жумушуна кирет. Жер иштери ачык (жер үстүндө), жер асты жана суу асты болуп бөлүнөт. Жер иштерин атка­руу курулуш машиналары (экскаватор, бульдо­зер, казып-шилегич машина, грейдер, трактор, дүмүр казгыч, бадал кырккыч, ылай соргуч жана ушул сыяктуу), ошондой эле гидромеханикалаштыруу кара­жаттары жана жардыруу ыкмасы менен ишке ашы­рылат. Жер иштеринен мурда даярдоо иштери – куру­луш аянтындагы майда дарактарды кыркуу, таштан арылтуу, дүмүр казуу, жол салуу, жер астындагы суунун деңгээлин азайтуу жана ушул сыяктуу жумуштар жүргүзүлөт. | ||
[[Категория:3-том, 327-448 бб]] | |||
дүмүр казгыч, бадал кырккыч, ылай соргуч | |||
08:10, 23 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕР ИШТЕРИ – жер казуу, тегиздөө, тыгыздоо, казылган топуракты жүктөө же көтөрүп, жылдырып керектүү орунга коюу. Жер иштеринин максаты – жер кыртышынан инженердик курулуш (плотина, темир жана автомобиль жолдору, канал, траншея жана ушул сыяктуу) куруу, имарат жана курулуштун негизин түптөө, курулуучу имараттардын ордун тегиздөө, ошондой эле пайдалуу кен чыгуучу жайлардын үстүнкү бетин ачуу. Ачык ыкма менен кен казып алууга байланышкан жер ииштери тоо жумушуна кирет. Жер иштери ачык (жер үстүндө), жер асты жана суу асты болуп бөлүнөт. Жер иштерин аткаруу курулуш машиналары (экскаватор, бульдозер, казып-шилегич машина, грейдер, трактор, дүмүр казгыч, бадал кырккыч, ылай соргуч жана ушул сыяктуу), ошондой эле гидромеханикалаштыруу каражаттары жана жардыруу ыкмасы менен ишке ашырылат. Жер иштеринен мурда даярдоо иштери – курулуш аянтындагы майда дарактарды кыркуу, таштан арылтуу, дүмүр казуу, жол салуу, жер астындагы суунун деңгээлин азайтуу жана ушул сыяктуу жумуштар жүргүзүлөт.