ЖАЙПУР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАЙПУ́Р</b> – Индиянын | <b type='title'>ЖАЙПУ́Р</b> – Индиянын түндүк-батышындагы шаар. Ражастхан штатынын административдик борбору. Ара­валли тоосунун этегинде, деңиз деңгээлинен 431 <i>м</i> би­йиктикте жайгашкан. Калкы 3,0 млн (2007). Эл аралык аэропорту бар. Ири жол тоому. Же­ңил (кебез кездеме), химия, цемент, айнек-кара­па, электр-техника өнөр жай ишканалары иштейт. Университет бар. Кустардык кол өнөрчүлүк (зер буюмдар, пилдин сөөгүн ж-а ташты чегелөө) өнүккөн. | ||
[[File:ЖАЙПУР12.png | thumb | Хава-Махал ак сарайы. 18- | [[File:ЖАЙПУР12.png | thumb | Хава-Махал ак сарайы. 18-кылыммдын 2-жарымы.]] | ||
1728-ж. негизделген. Сарай комплекси (бакчасы, бассейни ж-а Чандра-Махал ак сарайы м-н), Жантар-Мантар обсерваториясы, Хава-Махал ак сарайы («Шамалдар сарайы», 18-кылымдын 2-жа­рымы; анын фасадында 953 терезе бар) сак­талган. [[Категория:3-том, 215-326 бб]] |
09:21, 23 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖАЙПУ́Р – Индиянын түндүк-батышындагы шаар. Ражастхан штатынын административдик борбору. Аравалли тоосунун этегинде, деңиз деңгээлинен 431 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 3,0 млн (2007). Эл аралык аэропорту бар. Ири жол тоому. Жеңил (кебез кездеме), химия, цемент, айнек-карапа, электр-техника өнөр жай ишканалары иштейт. Университет бар. Кустардык кол өнөрчүлүк (зер буюмдар, пилдин сөөгүн ж-а ташты чегелөө) өнүккөн.

1728-ж. негизделген. Сарай комплекси (бакчасы, бассейни ж-а Чандра-Махал ак сарайы м-н), Жантар-Мантар обсерваториясы, Хава-Махал ак сарайы («Шамалдар сарайы», 18-кылымдын 2-жарымы; анын фасадында 953 терезе бар) сакталган.