ЖАЙЫЛ БААТЫР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
3 сап: 3 сап:
1769-, 1773-, 1779-жыл&shy;дар) катышып (к. <i>Абы-
1769-, 1773-, 1779-жыл&shy;дар) катышып (к. <i>Абы-
</i>
</i>
Жайыл баатыр. Р. Исаков тарткан сүрөт.
Жайыл баатыр. Р. Исаков тарткан сүрөт.  
кы 2515 (2007); негизинен токойчулукта, мал
чарбасында ж-а дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, ФАП бар. Май жуаз, тегир&shy;мен ж. б. ишканалар иштейт.  


''хандын кыргыздарга жортуулдары'') баатыр   
''хандын кыргыздарга жортуулдары'') баатыр   

09:46, 23 Май (Бугу) 2025 -деги абалы

ЖАЙЫЛ БААТЫР , Ж а й ы л К о ң у р б а й у у л у (болжолу 1692–1779–80, Чүй өрөөнү) – солто уруусунун баатыры. Талкан бийдин небе­реси. Атасы Коңурбай дүйнөдөн кайткандан кийин атасынын бир туу­ганы Кошой бийдин тар­биясында калган. Кошой бий өлүп, кыргыздар Кет­мен-Төбөдөн Чүйгө көчүп келгенде (к. Кыргыздар­дын Чүйгө келиши) жал­пы солто уруусун Кебек бий, солто ичиндеги тал­кан уругун Жайыл баатыр м-н Мо­мокон бийлеген (1755– 56). Кыргыз-казак ча­быштарына (1764–65-,

1769-, 1773-, 1779-жыл­дар) катышып (к. Абы- Жайыл баатыр. Р. Исаков тарткан сүрөт.

хандын кыргыздарга жортуулдары) баатыр

Ж. б. уулдары Үсөн, Теке, Итике ж-а Момокон баатыр м-н бирге Абылай хан башын­да турган казактардын акыркы чабуулунда (1779–80) Корготу суусунун жээгинде казактар­га колго түшкөн. Момокон м-н Итикени казак­тын Жоогач баатыры ортого түшүп, сурап кал­ган.


Калган уулдарына кошулуп, Ж. б. өлүм жа­засына буйрулган. Кыргыздар көп жабыр тарт­кан бул кыргын Ж. б-дын өлүмүнө байланыштуу болгондуктан, кийин тарыхта Жайыл кыр­гыны деп аталып калган. Учурда Чүй обл-нун Калинин р-нуна Ж. б-дын ысымы ыйгарылып, эстелиги орнотулган.


Ад.: Жайыл баатыр: история современность и буду­щее. Материалы научно-практический конференции. Б., 2006; Төлөбаев М., Оморов А., Бөкөев Б. Жайыл баатыр. Т. 1, 2. Б., 2004–05. Э. Турганбаев.