ЖАЙЫЛМА 1: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ЖАЙЫЛМА</b> – дарыя өрөөнүнүн таманынын суу кирген мезгилде гана суунун алдында калуучу бөлүгү. Суу нугу м-н тектирдин аралыгында пайда болот. Төмөнкү (жыл сайын суу капта&shy;ган) ж-а жогорку (бир нече жылда бир, суу өтө жогорку деңгээлге жеткенде) Ж. болуп бөлүнөт. Ж. суу нугунун каптал жылышууларынын не&shy;гизинде аллювий чөгүндүлөрүнүн топтолушунан пайда болот. Ж-нын дарыя нугунан бийикт. ондогон <i>см</i>ден бир нече <i>м</i>ге чейин жетет. Неги&shy;зинен агын суу шилендилеринен турат. Көп учур&shy;да топурак кыртышы калыптанып, чөп, бадал, токойлор өсөт. Кээде чымдашпаган шагыл-таш&shy;тардан турат. Анда нукту жээктей жаткан жал&shy;ча-дөбөлөр, байыркы меандрдын издери, кал&shy;дык көлдөр, саздак жерлер кездешет. Түздүк аркылуу аккан дарыянын Ж-сынын туурасы ондогон <i>км</i>ге жетет. Тоо дарыяларында Ж. адат&shy;та айрым бөлүктөрүндө гана кездешет. Ж-да көбүнчө күрдүү аллювий топурактары өрчүйт. Табигый өсүмдүктөрдөн шалбаа, дарак-бадал&shy;дар (тал, терек, жийде, чычырканак ж. б.) өсөт. Ж-га чөп жакшы чыгат, ошондуктан ал жайыт,
<b type='title'>ЖАЙЫЛМА</b> – дарыя өрөөнүнүн таманынын суу кирген мезгилде гана суунун алдында калуучу бөлүгү. Суу нугу м-н тектирдин аралыгында пайда болот. Төмөнкү (жыл сайын суу капта&shy;ган) ж-а жогорку (бир нече жылда бир, суу өтө жогорку деңгээлге жеткенде) жайылма болуп бөлүнөт. Жайылма суу нугунун каптал жылышууларынын не&shy;гизинде аллювий чөгүндүлөрүнүн топтолушунан пайда болот. Жайылманын дарыя нугунан бийиктиги ондогон <i>см</i>ден бир нече <i>м</i>ге чейин жетет. Неги&shy;зинен агын суу шилендилеринен турат. Көп учур&shy;да топурак кыртышы калыптанып, чөп, бадал, токойлор өсөт. Кээде чымдашпаган шагыл-таш&shy;тардан турат. Анда нукту жээктей жаткан жал&shy;ча-дөбөлөр, байыркы меандрдын издери, кал&shy;дык көлдөр, саздак жерлер кездешет. Түздүк аркылуу аккан дарыянын жайылмасынын туурасы ондогон <i>км</i>ге жетет. Тоо дарыяларында жайылма адат&shy;та айрым бөлүктөрүндө гана кездешет. Жайылмада көбүнчө күрдүү аллювий топурактары өрчүйт. Табигый өсүмдүктөрдөн шалбаа, дарак-бадал&shy;дар (тал, терек, жийде, чычырканак ж. б.) өсөт. Жайылмага чөп жакшы чыгат, ошондуктан ал жайыт, чабынды, огород катары кеңири пайдаланылат. <br>Түштүк Кыргызстанда жайылмага көбүнчө шалы эгилет. [[Категория:3-том, 215-326 бб]]
чабынды, огород катары кеңири пайдаланылат.
<br>Түш. Кырг-нда Ж-га көбүнчө шалы эгилет. [[Категория:3-том, 215-326 бб]]
 

03:48, 26 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖАЙЫЛМА – дарыя өрөөнүнүн таманынын суу кирген мезгилде гана суунун алдында калуучу бөлүгү. Суу нугу м-н тектирдин аралыгында пайда болот. Төмөнкү (жыл сайын суу капта­ган) ж-а жогорку (бир нече жылда бир, суу өтө жогорку деңгээлге жеткенде) жайылма болуп бөлүнөт. Жайылма суу нугунун каптал жылышууларынын не­гизинде аллювий чөгүндүлөрүнүн топтолушунан пайда болот. Жайылманын дарыя нугунан бийиктиги ондогон смден бир нече мге чейин жетет. Неги­зинен агын суу шилендилеринен турат. Көп учур­да топурак кыртышы калыптанып, чөп, бадал, токойлор өсөт. Кээде чымдашпаган шагыл-таш­тардан турат. Анда нукту жээктей жаткан жал­ча-дөбөлөр, байыркы меандрдын издери, кал­дык көлдөр, саздак жерлер кездешет. Түздүк аркылуу аккан дарыянын жайылмасынын туурасы ондогон кмге жетет. Тоо дарыяларында жайылма адат­та айрым бөлүктөрүндө гана кездешет. Жайылмада көбүнчө күрдүү аллювий топурактары өрчүйт. Табигый өсүмдүктөрдөн шалбаа, дарак-бадал­дар (тал, терек, жийде, чычырканак ж. б.) өсөт. Жайылмага чөп жакшы чыгат, ошондуктан ал жайыт, чабынды, огород катары кеңири пайдаланылат.
Түштүк Кыргызстанда жайылмага көбүнчө шалы эгилет.