ЖАКБОЛОТ МАРГАНЕЦ КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАКБОЛОТ МА́РГАНЕЦ КЕНИ</b> Нарын | <b type='title'>ЖАКБОЛОТ МА́РГАНЕЦ КЕНИ</b> Нарын районун­да, Нарын шаарынан 65 <i>км</i> чыгыш тарапта, Жетим кырка тоосунун батыш капталындагы Жакболот суусунун баш жагында жайгашкан. 1936-жылы та­былган. Кен аймагын ордовик мезгилинде пай­да болгон терриген ж-а акиташ тектери түзөт. Марганец кенташы ошол тектердин арасында линза сымал 5 кабаттан турат. Алардын калың­дыгы 2–10 <i>м</i>, уз. 10–14 <i>м</i>. Негизги минералда­ры: браунит, гаусманит, псиломелан, гематит, лимонит ж. б. Кендеги марганецтин орточо кон­дициялык өлчөмү 6–7%, чанда 15,5%, темир­дики 1–12%ти түзөт. Кенташ чөкмө, айрым изилдөөлөр боюнча жанар тоо чөкмө жолу м-н пайда болгон. [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
05:18, 26 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖАКБОЛОТ МА́РГАНЕЦ КЕНИ Нарын районунда, Нарын шаарынан 65 км чыгыш тарапта, Жетим кырка тоосунун батыш капталындагы Жакболот суусунун баш жагында жайгашкан. 1936-жылы табылган. Кен аймагын ордовик мезгилинде пайда болгон терриген ж-а акиташ тектери түзөт. Марганец кенташы ошол тектердин арасында линза сымал 5 кабаттан турат. Алардын калыңдыгы 2–10 м, уз. 10–14 м. Негизги минералдары: браунит, гаусманит, псиломелан, гематит, лимонит ж. б. Кендеги марганецтин орточо кондициялык өлчөмү 6–7%, чанда 15,5%, темирдики 1–12%ти түзөт. Кенташ чөкмө, айрым изилдөөлөр боюнча жанар тоо чөкмө жолу м-н пайда болгон.