ЖИВОПИСЬ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖИ́ВОПИСЬ</b> – кандайдыр бир тегиздиктин бе­тине боёк | <b type='title'>ЖИ́ВОПИСЬ</b> – кандайдыр бир тегиздиктин бе­тине боёк менен түшүрүлүүчү көркөм сүрөт өнөрүнүн бир түрү. Искусствонун башка түрлөрү сыяктуу эле живопись идеологиялык, таанып-билүүчүлүк, коомдук, тарбия­лык мааниге ээ. Живопись чыгармаларында сү­рөтчүнүн турмушка көз карашы, түзгөн көркөм образы өзүнүн элестүүлүгү менен көрүүчүнүн аң-се­зиминде ишеним туудурат. Көркөм образдарды түзүүдө живопись түстү, чиймени, май боёктордун өз­гөчө туюмдуулугун пайдаланат, булар, асыре­се, анын тилинин ийкемдүү болушуна, сүрөт | ||
өнөрүнүн башка түрлөрү бере албаган турмуш­тун кооз байлыгын, буюмдардын көлөмүн, | өнөрүнүн башка түрлөрү бере албаган турмуш­тун кооз байлыгын, буюмдардын көлөмүн, сапаттык белгилерин толук чагылтууга мүмкүндүк берет. Живопись реалдуу дүйнөнүн (анын ичинен табияттын да) көзгө көрүнгөн кубулуштарын, адам турму­шунун кеңири көрүнүшүн көргөзүү менен гана чек­телбей, болмуштагы процесстердин маңызын, адамдын ички дүйнөсүн ачууга ж-а түшүндүрүүгө, жалпы идеяларды туюнтууга кудуреттүү. | ||
[[File:ЖИВОПИСЬ24.png | thumb | К. Аманкожоев. «Бийиктикте». 1969.]] | [[File:ЖИВОПИСЬ24.png | thumb | К. Аманкожоев. «Бийиктикте». 1969.]] | ||
[[File:ЖИВОПИСЬ25.png | thumb | С. Бакашев. «Кабар». 1969.]] | [[File:ЖИВОПИСЬ25.png | thumb | С. Бакашев. «Кабар». 1969.]] | ||
Живопистин мындай зор мүмкүнчүлүктөрү андагы жанрлар­дын (тарыхый, жашоо-тиричилик, анималист­тик жана башкалар) ар түрдүүлүгүнөн байкалат. Живопись ат­карган милдети, мүнөзү жана образдын чечили­ши боюнча | |||
архитектуралык мейкиндикти уюштуруу максатында тартылган м о н у м е н т-ж а­с а л г а живописи (дубалга тартылган сүрөттөр, үйдүн шыбын кооздоо үчүн жабыштырылган сүрөттөр, панно), белгилүү бир орун менен | |||
байланышпаган с т а н о к т у к живопись, ж а с а л г а живописи (театр менен кинодо), <i>икона тартуу, миниатюра</i> (кол жаз­маларды көркөмдөө, портрет жана башкалар) болуп бөлүнөт. <i>Диорама</i> менен <i>панорама</i> да живопистин түрүнө кирет. Живопистин негизги туюнтуу каражаты – түс; ал сүрөттөлүштүн эмоциялык таасирин күчөтөт. Шарттуу түрдө живопистик сүрөттөөлөрдүн эки ти­бин белгилесе болот: сызыктар менен чектелген тике сүрөттөө жана тулку-караандардын кеңдик­те берилиши. Бирок бул экөө өз ара көп айырмаланбайт. Биринчисине локалдык каражат­тарды, экинчисине мейкиндиктеги көрүнүш­төрдү ырааттуу сүрөттөө мүнөздүү. [[File:ЖИВОПИСЬ26.png | thumb | И. Бекжанов. «Боз | |||
үйдө отурган кыз». 1975.|left]][[File:ЖИВОПИСЬ27.png | thumb | Б. Усубалиев. «Оюн». 2002.|center]] | |||
Живопись чыгарма­лары грунт менен жабылган негизден (кендир, жыгач, кагаз, картон, таш, айнек, металл жана башкалар) жана боёк катмарынан турат. Живопись – сүрөт өнөрүнүн байыркы түрлөрүнүн бири. Анын тарыхы айбанаттар менен мергенчилик окуялары түшүрүлгөн байыркы эстеликтерден башталат. Живопись <i>Кайра жаралуу</i> доорунда бийик деңгээлге көтөрүлөт. Леонардо да Винчи, Микеланжело, Рафаэль, Тициан, Я. ван Эйк, П.Брейгель, А. Дюрер жана башка чеберлердин чыгармалары кеңири таанылат. XVII–XVIII кылымдарда живопистин өнүгүшү Европада бир кыйла татаалданат. Францияда (Ж. Латур, Н. Пуссен жана башкалар), Италияда (М.Караважо, Д. Фетти), Испа­нияда (Эль Греко, Ф. Гойя), Голландияда (Рем­брандт), Англияда (Т. Гейнсборо, У. Хогарт), Россияда (Д. Г. Левицкий жана башкалар) улуттук мек­тептер түзүлөт. Ар түрдүү багыттардын <i>(барок­ко, классицизм, рококо</i> жана башкалар) прогрессчил жана реакциячыл идеялардын күрөшү, академизмди жерүү күч алат. 19-кылымда эскирип бараткан класси­калык стилге каршы күрөштө адегенде демократиялык багыттагы романтизм (Э. Делакруа, Т. Жери­ко – Францияда; О. А. Кипренский, К. П. Брюл­лов – Россияда), кийинчерээк турмушту жым­салдабастан, өз турпатында типтүү сүрөттөө­нү алдыңкы планга койгон реализм (Г. Курбе, Ж. Ф. Милле – Францияда; Ж. Констебл – Ан­глияда, А. Менцель, В. Лейбль – Германияда; А. Г. Венецианов, П. А. Федотов – Россияда) пайда болот. Социалдык сындын курчтугу Рос­сияда, айрыкча кыдырма сүрөтчүлөрдүн кыймы­лынан (В.Г.Перов, И. Н. Крамской, И. Е. Ре­пин, В. И. Суриков, И. И. Левитан жана башкалар) ачык көрүнөт. XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башында реализм менен модернизмдин ортосундагы күрөш күчөйт. СССРде социалисттик реализм методундагы Живопись өнүгөт. Азия, Африка, Австралия, Латын Аме­рикасы өлкөлөрүндө живопистин улуттук мектепте­ри түзүлөт. XX кылымда ар кыл модернисттик агым­дар (<i>импрессионизм, экспрессионизм, кубизм, фу­туризм, сюрреализм, абстракционизм,</i> кийин­ки мезгилде <i>«поп-арт»</i>) пайда болду. Өз доору­нун алдыңкы идеяларын колдогон даңктуу сү­рөтчүлөрдүн тобу белгилүү: Францияда – П. Пи­кассо, А. Матисс; Мексикада – Д.Ривера, Д. Сикейрос; Италияда – Р. Гуттузо, Америка Кошмо Штаттарында – Ж. Беллоуз, Р. Кент жана башкалар. Учурда бардык живопистин улуттук мектептери түзүлдү. А. Дейнека, М. Гре­ков, Б. Иогансон, И. Бродский, П.Корин, П. Кон­чаловский, С. Герасимов, Ю. Пименов, М. Са­рьян, У. Таңсыкбаев, Т. Салахов, А. Гудайтис сыяктуу көптөгөн таланттуу сүрөтчүлөрдүн чыгармалары дүйнөгө таанымал. | |||
[[File:ЖИВОПИСЬ28.png | thumb | Гоген П. «Мөмө кар­маган аял». 1893.]] | |||
Кыргыз живопис­чилери С. <i>Чуйков,</i> Г. <i>Айтиев,</i> С. <i>Акылбеков,</i> А. <i>Усубалиев,</i> А. <i>Молдакматов,</i> К. <i>Кожакме­тов,</i> К. <i>Керимбеков</i> жана башкалар улуттук көркөм сүрө­ттүн өнүгүшүнө зор салым кошушкан. | |||
Ад.: <i>Юон К. О</i> живописи. Л., 1937; <i>Киплик Д. И.</i> Техника живописи. 6-е изд. М.; Л., 1950; <i>Недоши­вин Г. А.</i> Беседы о живописи. 2-е изд. М., 1964; Всеобщая история искусств. Т. 1–6. М., 1956–66; <i>Бенуа А. Н.</i> История живописи всех времён и народов. Т. 1–4. СПб., 2002–2004. [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | Ад.: <i>Юон К. О</i> живописи. Л., 1937; <i>Киплик Д. И.</i> Техника живописи. 6-е изд. М.; Л., 1950; <i>Недоши­вин Г. А.</i> Беседы о живописи. 2-е изд. М., 1964; Всеобщая история искусств. Т. 1–6. М., 1956–66; <i>Бенуа А. Н.</i> История живописи всех времён и народов. Т. 1–4. СПб., 2002–2004. [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
06:16, 26 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖИ́ВОПИСЬ – кандайдыр бир тегиздиктин бетине боёк менен түшүрүлүүчү көркөм сүрөт өнөрүнүн бир түрү. Искусствонун башка түрлөрү сыяктуу эле живопись идеологиялык, таанып-билүүчүлүк, коомдук, тарбиялык мааниге ээ. Живопись чыгармаларында сүрөтчүнүн турмушка көз карашы, түзгөн көркөм образы өзүнүн элестүүлүгү менен көрүүчүнүн аң-сезиминде ишеним туудурат. Көркөм образдарды түзүүдө живопись түстү, чиймени, май боёктордун өзгөчө туюмдуулугун пайдаланат, булар, асыресе, анын тилинин ийкемдүү болушуна, сүрөт өнөрүнүн башка түрлөрү бере албаган турмуштун кооз байлыгын, буюмдардын көлөмүн, сапаттык белгилерин толук чагылтууга мүмкүндүк берет. Живопись реалдуу дүйнөнүн (анын ичинен табияттын да) көзгө көрүнгөн кубулуштарын, адам турмушунун кеңири көрүнүшүн көргөзүү менен гана чектелбей, болмуштагы процесстердин маңызын, адамдын ички дүйнөсүн ачууга ж-а түшүндүрүүгө, жалпы идеяларды туюнтууга кудуреттүү.


Живопистин мындай зор мүмкүнчүлүктөрү андагы жанрлардын (тарыхый, жашоо-тиричилик, анималисттик жана башкалар) ар түрдүүлүгүнөн байкалат. Живопись аткарган милдети, мүнөзү жана образдын чечилиши боюнча
архитектуралык мейкиндикти уюштуруу максатында тартылган м о н у м е н т-ж ас а л г а живописи (дубалга тартылган сүрөттөр, үйдүн шыбын кооздоо үчүн жабыштырылган сүрөттөр, панно), белгилүү бир орун менен
байланышпаган с т а н о к т у к живопись, ж а с а л г а живописи (театр менен кинодо), икона тартуу, миниатюра (кол жазмаларды көркөмдөө, портрет жана башкалар) болуп бөлүнөт. Диорама менен панорама да живопистин түрүнө кирет. Живопистин негизги туюнтуу каражаты – түс; ал сүрөттөлүштүн эмоциялык таасирин күчөтөт. Шарттуу түрдө живопистик сүрөттөөлөрдүн эки тибин белгилесе болот: сызыктар менен чектелген тике сүрөттөө жана тулку-караандардын кеңдикте берилиши. Бирок бул экөө өз ара көп айырмаланбайт. Биринчисине локалдык каражаттарды, экинчисине мейкиндиктеги көрүнүштөрдү ырааттуу сүрөттөө мүнөздүү.


Живопись чыгармалары грунт менен жабылган негизден (кендир, жыгач, кагаз, картон, таш, айнек, металл жана башкалар) жана боёк катмарынан турат. Живопись – сүрөт өнөрүнүн байыркы түрлөрүнүн бири. Анын тарыхы айбанаттар менен мергенчилик окуялары түшүрүлгөн байыркы эстеликтерден башталат. Живопись Кайра жаралуу доорунда бийик деңгээлге көтөрүлөт. Леонардо да Винчи, Микеланжело, Рафаэль, Тициан, Я. ван Эйк, П.Брейгель, А. Дюрер жана башка чеберлердин чыгармалары кеңири таанылат. XVII–XVIII кылымдарда живопистин өнүгүшү Европада бир кыйла татаалданат. Францияда (Ж. Латур, Н. Пуссен жана башкалар), Италияда (М.Караважо, Д. Фетти), Испанияда (Эль Греко, Ф. Гойя), Голландияда (Рембрандт), Англияда (Т. Гейнсборо, У. Хогарт), Россияда (Д. Г. Левицкий жана башкалар) улуттук мектептер түзүлөт. Ар түрдүү багыттардын (барокко, классицизм, рококо жана башкалар) прогрессчил жана реакциячыл идеялардын күрөшү, академизмди жерүү күч алат. 19-кылымда эскирип бараткан классикалык стилге каршы күрөштө адегенде демократиялык багыттагы романтизм (Э. Делакруа, Т. Жерико – Францияда; О. А. Кипренский, К. П. Брюллов – Россияда), кийинчерээк турмушту жымсалдабастан, өз турпатында типтүү сүрөттөөнү алдыңкы планга койгон реализм (Г. Курбе, Ж. Ф. Милле – Францияда; Ж. Констебл – Англияда, А. Менцель, В. Лейбль – Германияда; А. Г. Венецианов, П. А. Федотов – Россияда) пайда болот. Социалдык сындын курчтугу Россияда, айрыкча кыдырма сүрөтчүлөрдүн кыймылынан (В.Г.Перов, И. Н. Крамской, И. Е. Репин, В. И. Суриков, И. И. Левитан жана башкалар) ачык көрүнөт. XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башында реализм менен модернизмдин ортосундагы күрөш күчөйт. СССРде социалисттик реализм методундагы Живопись өнүгөт. Азия, Африка, Австралия, Латын Америкасы өлкөлөрүндө живопистин улуттук мектептери түзүлөт. XX кылымда ар кыл модернисттик агымдар (импрессионизм, экспрессионизм, кубизм, футуризм, сюрреализм, абстракционизм, кийинки мезгилде «поп-арт») пайда болду. Өз доорунун алдыңкы идеяларын колдогон даңктуу сүрөтчүлөрдүн тобу белгилүү: Францияда – П. Пикассо, А. Матисс; Мексикада – Д.Ривера, Д. Сикейрос; Италияда – Р. Гуттузо, Америка Кошмо Штаттарында – Ж. Беллоуз, Р. Кент жана башкалар. Учурда бардык живопистин улуттук мектептери түзүлдү. А. Дейнека, М. Греков, Б. Иогансон, И. Бродский, П.Корин, П. Кончаловский, С. Герасимов, Ю. Пименов, М. Сарьян, У. Таңсыкбаев, Т. Салахов, А. Гудайтис сыяктуу көптөгөн таланттуу сүрөтчүлөрдүн чыгармалары дүйнөгө таанымал.

Кыргыз живописчилери С. Чуйков, Г. Айтиев, С. Акылбеков, А. Усубалиев, А. Молдакматов, К. Кожакметов, К. Керимбеков жана башкалар улуттук көркөм сүрөттүн өнүгүшүнө зор салым кошушкан.
Ад.: Юон К. О живописи. Л., 1937; Киплик Д. И. Техника живописи. 6-е изд. М.; Л., 1950; Недошивин Г. А. Беседы о живописи. 2-е изд. М., 1964; Всеобщая история искусств. Т. 1–6. М., 1956–66; Бенуа А. Н. История живописи всех времён и народов. Т. 1–4. СПб., 2002–2004.