ЖООШБАЙ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖООШБАЙ</b> Борсол уулу (1840, азыркы Ысык- | <b type='title'>ЖООШБАЙ</b> Борсол уулу (1840, азыркы Ысык-Көл облусу, Тоң району, Дөң-Талаа айылы – 1919, ошол эле жер) – эл куудулу. Анын куудулдук өнөрү элге агасы Байсерке манап менен иниси Момо ажыга мейманга келген «мыктыларды» келе­келөөдөн, турмуштагы терс көрүнүштөрдү мыс­кылдаган жоруктары, курч сөздөрү менен тааныл­ган. Атасынын купулуна анчалык толбой, «тен­тек, жинди» аталган. Куудулдугу 11–12 жашы­нан эле билинген. Анын айрым манап, бай, молдо, дегеле калыстыктан тайып, ашкере кет­кендердин терс кылык-жоруктарын мыскылда­ган күлкүлүү жоруктары эл арасына кеңири та­раган. Жоошбайдын алгачкы орчундуу окуясы байдын баласы Жуманын бээсин, бир баштык тамеки­син алдап алуудан башталган. Анын ар бир окуясы өзгөчөлүгү, күлкү жаратуусу, кыймыл­аракети, касиети менен кайталангыс. Колдо бар маалыматтарга караганда анын бир тууган ага­сы Байсерке айыл бийлеп, манап аталган адам болгон. Көпчүлүк кылык-жоруктары агасынын керт башына, үй-бүлөсүнө, конокторуна, жол­дошторуна байланыштуу. Жоошбайдын өмүр жолу жөнүндө толук маалымат сакталбаса да, анын күл­күлүү жоруктары тууралуу кыска уламыштар, окуялар ушул күнгө чейин эл арасында айты­лып жүрөт. Мисалы, бир топ окуялары атасы Бор­солго байланыштуу («Суудан кечирдим», «Тай­лак болуп боздодум», «Борсол жинди», «Атам­ды коркуттум», «Мейман күтүү» жана башкалар). «Тай­лак болуп боздодум» окуясында атасынын баёо­лугун, сараңдыгын тамашага салат. Ал курч, күлкүлүү окуяларды түзө билген куудул гана эмес, сөзгө чебер, сөздү так, кыска, өз орду менен айтып, каршысын катуу шылдыңга калтырга­ны менен өзгөчөлөнгөн. Байсеркенин үйүндө ко­нок болуп отурган бий-болуштарга «көрүнүшү», агасынын «айтканын» аткарып, «чечинип» са­лып кызмат кылышы, коноктордун аттарын «жайлап» салган окуялары кирет. «Карыган ку­дай колдо» аттуу жоругу эл ичине ылакап бо­луп тараган. Ал тектүү, оокаттуу үй-бүлөдөн чыкса да, куудулдугу, айла-амалы менен бай-ма­наптарды, бий-болуштарды, соодагер, кожо-­молдолорду, эшен-калпаларды шылдыңга алып, карапайым элдин таламын талашкан. Анын жоруктары муундан-муунга, ооздон-оозго өтүп, ушул кезге чейин маанисин, баалуулугун жо­готпой, азыр да курч, өткүр («Жер көтөргөн көк өгүз сайгактап кетсе не болот?» дегендей), мыс­кыл сөздөрү, күлкүлүү окуялары калктын көр­көм табитинен өчпөй, фольклордук кенчке си­ңип кеткен. Кыргыз эл жазуучусу Т.<i>Сыдыкбе­ков</i> Жоошбайдын эл арасында айтылып жүргөн көп­төгөн окуяларынын негизинде «Жоошбай» де­ген повесть жазган («Күлкү жана өмүр», 1988). | ||
Көл | |||
өнөрү элге агасы Байсерке манап | |||
«жайлап» салган окуялары кирет. «Карыган ку­дай колдо» аттуу жоругу эл ичине ылакап бо­луп тараган. Ал тектүү, оокаттуу үй-бүлөдөн | |||
чыкса да, куудулдугу, айла-амалы | |||
өгүз сайгактап кетсе не болот?» дегендей), мыс­кыл сөздөрү, күлкүлүү окуялары калктын көр­көм табитинен өчпөй, фольклордук кенчке си­ңип кеткен. Кыргыз эл жазуучусу Т. <i>Сыдыкбе­ков</i> | |||
Чыг.: Китепте: Эл куудулдары. Ф., 1987. [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | Чыг.: Китепте: Эл куудулдары. Ф., 1987. [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
08:58, 26 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖООШБАЙ Борсол уулу (1840, азыркы Ысык-Көл облусу, Тоң району, Дөң-Талаа айылы – 1919, ошол эле жер) – эл куудулу. Анын куудулдук өнөрү элге агасы Байсерке манап менен иниси Момо ажыга мейманга келген «мыктыларды» келекелөөдөн, турмуштагы терс көрүнүштөрдү мыскылдаган жоруктары, курч сөздөрү менен таанылган. Атасынын купулуна анчалык толбой, «тентек, жинди» аталган. Куудулдугу 11–12 жашынан эле билинген. Анын айрым манап, бай, молдо, дегеле калыстыктан тайып, ашкере кеткендердин терс кылык-жоруктарын мыскылдаган күлкүлүү жоруктары эл арасына кеңири тараган. Жоошбайдын алгачкы орчундуу окуясы байдын баласы Жуманын бээсин, бир баштык тамекисин алдап алуудан башталган. Анын ар бир окуясы өзгөчөлүгү, күлкү жаратуусу, кыймыларакети, касиети менен кайталангыс. Колдо бар маалыматтарга караганда анын бир тууган агасы Байсерке айыл бийлеп, манап аталган адам болгон. Көпчүлүк кылык-жоруктары агасынын керт башына, үй-бүлөсүнө, конокторуна, жолдошторуна байланыштуу. Жоошбайдын өмүр жолу жөнүндө толук маалымат сакталбаса да, анын күлкүлүү жоруктары тууралуу кыска уламыштар, окуялар ушул күнгө чейин эл арасында айтылып жүрөт. Мисалы, бир топ окуялары атасы Борсолго байланыштуу («Суудан кечирдим», «Тайлак болуп боздодум», «Борсол жинди», «Атамды коркуттум», «Мейман күтүү» жана башкалар). «Тайлак болуп боздодум» окуясында атасынын баёолугун, сараңдыгын тамашага салат. Ал курч, күлкүлүү окуяларды түзө билген куудул гана эмес, сөзгө чебер, сөздү так, кыска, өз орду менен айтып, каршысын катуу шылдыңга калтырганы менен өзгөчөлөнгөн. Байсеркенин үйүндө конок болуп отурган бий-болуштарга «көрүнүшү», агасынын «айтканын» аткарып, «чечинип» салып кызмат кылышы, коноктордун аттарын «жайлап» салган окуялары кирет. «Карыган кудай колдо» аттуу жоругу эл ичине ылакап болуп тараган. Ал тектүү, оокаттуу үй-бүлөдөн чыкса да, куудулдугу, айла-амалы менен бай-манаптарды, бий-болуштарды, соодагер, кожо-молдолорду, эшен-калпаларды шылдыңга алып, карапайым элдин таламын талашкан. Анын жоруктары муундан-муунга, ооздон-оозго өтүп, ушул кезге чейин маанисин, баалуулугун жоготпой, азыр да курч, өткүр («Жер көтөргөн көк өгүз сайгактап кетсе не болот?» дегендей), мыскыл сөздөрү, күлкүлүү окуялары калктын көркөм табитинен өчпөй, фольклордук кенчке сиңип кеткен. Кыргыз эл жазуучусу Т.Сыдыкбеков Жоошбайдын эл арасында айтылып жүргөн көптөгөн окуяларынын негизинде «Жоошбай» деген повесть жазган («Күлкү жана өмүр», 1988).
Чыг.: Китепте: Эл куудулдары. Ф., 1987.