ЖОРО: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖОРО</b> , ж о р о б о з о – салттуу кыргыз коо­мунда өткөрүлүүчү эркектердин бирикмеси; күз­кыш мезгилдеринде чогулуп тамак ичүү каада­сы. Элибизде <i>шерне</i> үй-бүлө катышкан уюшма каадасы болсо, | <b type='title'>ЖОРО</b> , ж о р о б о з о – салттуу кыргыз коо­мунда өткөрүлүүчү эркектердин бирикмеси; күз­-кыш мезгилдеринде чогулуп тамак ичүү каада­сы. Элибизде <i>шерне</i> үй-бүлө катышкан уюшма каадасы болсо, жоро, тескерисинче, өзүнүн маани­-маңызын көбүрөөк сактоо менен эркектердин би­рикмеси бойдон кала берген. Жорону жаш курак­тарына карай бөлүнгөн эркектер тобу түзүп, саны 25тен 40ка чейин жеткен. Жоро күз мезги­линде (мал жайлоодон күздөөгө түшүп, кышка камылга көрө баштаганда) башталып, жазын­да токтогон. Жородо негизинен <i>бозо</i> ичилип, баш­ка сый тамак да берилген, оюн-зоок, тамаша­лар болуп, сармерден айтылып, комуз чертип ырдашкан. Жорочулардын ичинен кадыр-барктуу, көптү көргөн, салт билген адамдардан <i>бий</i> шай­ланган. Ал жоро. берүү кезегин сактоо, тартипке чакыруу, жазалоо милдеттерин аткарган. Бий жорого катышкан жигиттерден оң жана сол ата­лык, көлбөчү, кесекүл, эшик ага сыяктуу жар­дамчыларды дайындап алган. Аталыктардын бири оң, бири сол тарапта отургандарга көз сал­ган. Жорочулар бий менен аталыктар аркылуу гана сүйлөшкөн. Эки көлбөчү (аякчы) бозо куйган. Бир кесекүл дайындалып, бозо сунган. Эшик ага болгон эки адам жорого келген саламчыларды тес­кеген. Бозо сүзүп берип турган адам – күрөкөч аталып, жорого катышкандардын катарына кир­ген эмес. Бийдин тапшырмаларын так аткар­ган, элдин көңүлүн көтөрө алуучу өткүр, тама­шакөй, кадырлуу жигиттерден эрке бала коюл­ган. Анын оюн-зоок уюштуруп, тартип бузган­дарды жазалап, ыгын таап жорочуларга эркелей билиши отурушту кызыктуу кылган. Биринчи жорону айгыр жыгар деп атап, аны бий тапшыр­ган адам өткөргөн. Жыгач аякка бозо куюп, атайы даярдалган боз үйдүн ортосуна коюшкан. Бозону бий баштаган жорочулар кезеги менен эки-­үч ирет айланта ичкенден кийин, аягында үйдүн ээси жорокечтерге эт тарткан. Эки-үч күндөн ки­йин жоро. берүү кезеги кийинки кишиге өткөн. Жоро кезеги аяктарда оң жана сол аталык, эрке бала, эң акырында бий өзү «бийлик жоро» өткөрүп, улак тартыш, күрөш, эңиш жана башка ат оюндары өткө­рүлгөн. Буга каалагандардын баары катышкан. | ||
чакыруу, жазалоо милдеттерин аткарган. Бий | |||
ээси | |||
Ад.: <i>Потапов Л. П.</i> Древний обычай, отражающий первобытно-общинный быт кочевников // Тюркологи­ческий сборник. М.,1951. <i>А. Көчкүнов.</i> [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | Ад.: <i>Потапов Л. П.</i> Древний обычай, отражающий первобытно-общинный быт кочевников // Тюркологи­ческий сборник. М.,1951. <i>А. Көчкүнов.</i> [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
09:34, 26 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖОРО , ж о р о б о з о – салттуу кыргыз коомунда өткөрүлүүчү эркектердин бирикмеси; күз-кыш мезгилдеринде чогулуп тамак ичүү каадасы. Элибизде шерне үй-бүлө катышкан уюшма каадасы болсо, жоро, тескерисинче, өзүнүн маани-маңызын көбүрөөк сактоо менен эркектердин бирикмеси бойдон кала берген. Жорону жаш курактарына карай бөлүнгөн эркектер тобу түзүп, саны 25тен 40ка чейин жеткен. Жоро күз мезгилинде (мал жайлоодон күздөөгө түшүп, кышка камылга көрө баштаганда) башталып, жазында токтогон. Жородо негизинен бозо ичилип, башка сый тамак да берилген, оюн-зоок, тамашалар болуп, сармерден айтылып, комуз чертип ырдашкан. Жорочулардын ичинен кадыр-барктуу, көптү көргөн, салт билген адамдардан бий шайланган. Ал жоро. берүү кезегин сактоо, тартипке чакыруу, жазалоо милдеттерин аткарган. Бий жорого катышкан жигиттерден оң жана сол аталык, көлбөчү, кесекүл, эшик ага сыяктуу жардамчыларды дайындап алган. Аталыктардын бири оң, бири сол тарапта отургандарга көз салган. Жорочулар бий менен аталыктар аркылуу гана сүйлөшкөн. Эки көлбөчү (аякчы) бозо куйган. Бир кесекүл дайындалып, бозо сунган. Эшик ага болгон эки адам жорого келген саламчыларды тескеген. Бозо сүзүп берип турган адам – күрөкөч аталып, жорого катышкандардын катарына кирген эмес. Бийдин тапшырмаларын так аткарган, элдин көңүлүн көтөрө алуучу өткүр, тамашакөй, кадырлуу жигиттерден эрке бала коюлган. Анын оюн-зоок уюштуруп, тартип бузгандарды жазалап, ыгын таап жорочуларга эркелей билиши отурушту кызыктуу кылган. Биринчи жорону айгыр жыгар деп атап, аны бий тапшырган адам өткөргөн. Жыгач аякка бозо куюп, атайы даярдалган боз үйдүн ортосуна коюшкан. Бозону бий баштаган жорочулар кезеги менен эки-үч ирет айланта ичкенден кийин, аягында үйдүн ээси жорокечтерге эт тарткан. Эки-үч күндөн кийин жоро. берүү кезеги кийинки кишиге өткөн. Жоро кезеги аяктарда оң жана сол аталык, эрке бала, эң акырында бий өзү «бийлик жоро» өткөрүп, улак тартыш, күрөш, эңиш жана башка ат оюндары өткөрүлгөн. Буга каалагандардын баары катышкан.
Ад.: Потапов Л. П. Древний обычай, отражающий первобытно-общинный быт кочевников // Тюркологический сборник. М.,1951. А. Көчкүнов.