ЖАЛПЫ ТИЛ ИЛИМИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАЛПЫ ТИЛ ИЛИМИ</b> – тил илиминин бир бөлүгү; максаты – тилдик кубулуштарды | <b type='title'>ЖАЛПЫ ТИЛ ИЛИМИ</b> – тил илиминин бир бөлүгү; максаты – тилдик кубулуштарды теориялык жактан мүнөздөө ж-а аны изилдөө ыкмаларын негиздөө. Жалпы тил илими тилди универсалдуу феномен катары анын табиятын, маңызын, жаралышын, тарыхый мыйзам ченемдүүлүктөрүн, коомдогу кызматын, башка илимдер м-н болгон каты­шын, структуралык ж-а социалдык түзүлүшүн изилдейт. Тилди структуралык жактан изил­дөөдө ал ар бир конкреттүү тилге тиешелүү ички мыйзам ченеми бар бир бүтүн структура катары каралат; социалдык жактан изилденгенде, тил­дин коомдук процесстер м-н байланышы, со­циалдык ж-а аймактык тарамдалышы, струк­туралык-стилдик вариациялуулугу ж. б. жак­тары иликтенет. Дүйнөлүк тилдерге бирдей мү­нөздүү жалпы касиеттерди аныктоо ж-а жалпы универсалдуулуктун илимий-теориялык, методологиялык неги­зин, принцип, аспектилерин белгилөө орчундуу маселе болуп эсептелет. [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
05:48, 29 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖАЛПЫ ТИЛ ИЛИМИ – тил илиминин бир бөлүгү; максаты – тилдик кубулуштарды теориялык жактан мүнөздөө ж-а аны изилдөө ыкмаларын негиздөө. Жалпы тил илими тилди универсалдуу феномен катары анын табиятын, маңызын, жаралышын, тарыхый мыйзам ченемдүүлүктөрүн, коомдогу кызматын, башка илимдер м-н болгон катышын, структуралык ж-а социалдык түзүлүшүн изилдейт. Тилди структуралык жактан изилдөөдө ал ар бир конкреттүү тилге тиешелүү ички мыйзам ченеми бар бир бүтүн структура катары каралат; социалдык жактан изилденгенде, тилдин коомдук процесстер м-н байланышы, социалдык ж-а аймактык тарамдалышы, структуралык-стилдик вариациялуулугу ж. б. жактары иликтенет. Дүйнөлүк тилдерге бирдей мүнөздүү жалпы касиеттерди аныктоо ж-а жалпы универсалдуулуктун илимий-теориялык, методологиялык негизин, принцип, аспектилерин белгилөө орчундуу маселе болуп эсептелет.