ЖАМАЛ КАРШИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАМАЛ КАРШИ</b> , Абу-л-Фадл ибн Мухаммад Жамал ад-Дин Карши (1230–31 – | <b type='title'>ЖАМАЛ КАРШИ</b> , Абу-л-Фадл ибн Мухаммад Жамал ад-Дин Карши (1230–31 – өлгөн жылы белгисиз) – орто кылымдардагы жети-суулук тарыхчы ж-а акын. Чагатай мамлекетинин борбору Алма­лык шаарыннда туулган. Вилайетти бийлеген Суг­нак тегиндин баласына тарбиячы болуп, ак са­райда иштегендиги үчүн «Карши» («Ак сарай­лык») аталып кеткен. 1264-жылы Кашкарга келген, 1282-жылы орто азиялык тилчи-илимпоз Абу Наср Исмаил ал-Жаухаринин (1002–07-жылдар ара­лыгында өлгөн) арабча жазылган «Ас-Сурах» сөз­дүгүн фарсы тилине которуп, араб тилинде ага кошумча «Мулхакат ас-сурах» («Дааналык эм­гегине кошумчалар») деген эмгегин жазган (1302–06). Анда азыркы Кыргызстандын аймагында өкүм сүргөн <i>Караханиддер</i> мамлекети жөнүндө баа­луу маалыматтар бар. | ||
[[Категория:3-том, 215-326 бб]] | |||
өкүм сүргөн <i>Караханиддер</i> мамлекети | |||
08:16, 29 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖАМАЛ КАРШИ , Абу-л-Фадл ибн Мухаммад Жамал ад-Дин Карши (1230–31 – өлгөн жылы белгисиз) – орто кылымдардагы жети-суулук тарыхчы ж-а акын. Чагатай мамлекетинин борбору Алмалык шаарыннда туулган. Вилайетти бийлеген Сугнак тегиндин баласына тарбиячы болуп, ак сарайда иштегендиги үчүн «Карши» («Ак сарайлык») аталып кеткен. 1264-жылы Кашкарга келген, 1282-жылы орто азиялык тилчи-илимпоз Абу Наср Исмаил ал-Жаухаринин (1002–07-жылдар аралыгында өлгөн) арабча жазылган «Ас-Сурах» сөздүгүн фарсы тилине которуп, араб тилинде ага кошумча «Мулхакат ас-сурах» («Дааналык эмгегине кошумчалар») деген эмгегин жазган (1302–06). Анда азыркы Кыргызстандын аймагында өкүм сүргөн Караханиддер мамлекети жөнүндө баалуу маалыматтар бар.