ЖАМАНБАЕВ Жеңис: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page ЖАМАНБАЕВ 2 to ЖАМАНБАЕВ Жеңис) |
(Айырма жок)
|
09:39, 29 Май (Бугу) 2025 -деги абалы
ЖАМАНБАЕВ Жеңис Анаркулович (1946-жылы туулган, Казак ССР, Жамбыл облусу, Касык Курдай району) – химия илимдеринин доктору (1991), профессор (2000). КМУ-ну (1967), Кыргыз ССР ИА ОХИнин аспирантурасын (1973) бүтүргөн. Органикалык эмес ж-а физикалык химия институтунда кенже, улук илимий кызматкер, ОХИ-де лаборатория башчысы, 1993-жылдан КР УИАнын химия-комплекстүү технология институтунда лаборатория башчысы. Углеводдордун химиясы ж-а табигый бирикмелер боюнча адис. Ал химия-терапиялык агенттердин маанилүү классына кирген нитрозоалкилмочевинанын углеводдук туундуларын алуунун натыйжалуу ыкмасын иштеп чыккан. 180ден ашык илимий эмгеги, анын ичинде 1 монография, 17 ойлоп табуусу бар.
Эмг.: Карбамиды углеводов (соавтор). Б., 2000.