ЖАМГЫР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАМГЫР</b> – суу тамчысы түрүндө жер бетине түшүүчү жаан. | <b type='title'>ЖАМГЫР</b> – суу тамчысы түрүндө жер бетине түшүүчү жаан. Жаан адатта муздак тамчылар м-н муз кристаллдарын 0°тан төмөнкү температурада кармап турган аралаш булуттардан пайда бо­лот. Булуттагы муз кристаллдары каныгуудан бара-бара чоңоюп, салмагы оордоп, булуттан бөлүнөт. Атмосферанын төмөнкү катмарында алар эрип, тамчыга айланат. Майда тамчылардын ко­шулушу да жаандын пайда болушуна көмөкчү. Ал кыска убакытка ж-а узакка созулуп, тыным­сыз же мезгил-мезгили м-н жаап, к а р а жамгыр (чоң-чоң тамчылуу, кыска мөөнөткө созулган жамгыр), а к жаан (майда тамчылуу, узакка созул­ган жамгыр), н ө ш ө р (тамчы тез ылдамдык м-н түшүп, катуу жааган жамгыр), ө т к ү н (бат эле жаап өткөн жамгыр) болуп бөлүнөт. Орто Азиянын түздүктөрүндө ж-а тоо этектеринде жамгыр жылдын бардык мезгилинде жаашы мүмкүн; жамгырлуу күндөр кар жааган күндөрдөн 2–3 эсе көптүк кылат. [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
03:47, 30 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖАМГЫР – суу тамчысы түрүндө жер бетине түшүүчү жаан. Жаан адатта муздак тамчылар м-н муз кристаллдарын 0°тан төмөнкү температурада кармап турган аралаш булуттардан пайда болот. Булуттагы муз кристаллдары каныгуудан бара-бара чоңоюп, салмагы оордоп, булуттан бөлүнөт. Атмосферанын төмөнкү катмарында алар эрип, тамчыга айланат. Майда тамчылардын кошулушу да жаандын пайда болушуна көмөкчү. Ал кыска убакытка ж-а узакка созулуп, тынымсыз же мезгил-мезгили м-н жаап, к а р а жамгыр (чоң-чоң тамчылуу, кыска мөөнөткө созулган жамгыр), а к жаан (майда тамчылуу, узакка созулган жамгыр), н ө ш ө р (тамчы тез ылдамдык м-н түшүп, катуу жааган жамгыр), ө т к ү н (бат эле жаап өткөн жамгыр) болуп бөлүнөт. Орто Азиянын түздүктөрүндө ж-а тоо этектеринде жамгыр жылдын бардык мезгилинде жаашы мүмкүн; жамгырлуу күндөр кар жааган күндөрдөн 2–3 эсе көптүк кылат.