ЖАН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАН</b> (гр. psyhe; лат. anima ) – тирүүлүктүн реал­дуулугунун белгиси катары колдонулуп келат­кан түшүнүк; жалпысынан адамдын, жаныбар­лардын психикалык жашоосуна ж-а ички дүйнөсүнө карата тарыхый жактан өзгөрүлүп туруучу көз караштарды туюндурган атама ка­тары мүнөздөлөт; кайсы бир учурда «психика» термининин синоними катары да колдонулат. | <b type='title'>ЖАН</b> (гр. psyhe; лат. anima ) – тирүүлүктүн реал­дуулугунун белгиси катары колдонулуп келат­кан түшүнүк; жалпысынан адамдын, жаныбар­лардын психикалык жашоосуна ж-а ички дүйнөсүнө карата тарыхый жактан өзгөрүлүп туруучу көз караштарды туюндурган атама ка­тары мүнөздөлөт; кайсы бир учурда «психика» термининин синоними катары да колдонулат. Жан түшүнүгү көп маанилүү ж-а мазмуну жагы­нан да ар түрдүү чечмеленет. 1. Д и н д е: денеге эч кандай көз каранды болбогон, материалдуу эмес өзгөчө бир түпбашат (субстанция); адам­дын ж-а жаныбарлардын денесинде (кээде өсүмдүктөрдө) жашап, алар өлгөндө ошол дене­ни таштап (кээде башка денеге өтүп алып), өз алдынча жашай берүүчү өзгөчө бир рухий нер­се.Теисттик диндерде адамдын жаны дегенде бул Кудай жараткан, өлбөс, кайталанбас рух ба­шатын түшүнүшөт. 2. И д е а л и с т т и к ф и­л о с о ф и я д а: өзүнчө бир бөлөкчө жашаган, материалдык эмес башталыш; бирдиктүү дүйнө­ башаттын өнүгүшүнүн эң жогорку формасы. 3. М а т е р и а л и с т т и к ф и л о с о ф и я­д а: адамдын ички рухий дүйнөсү, жогорку уюшулган материянын касиети катары анын өздүк аң-сезими. 4. П с и х о л о г и я д а: Инсанга таандык ж-а ага мүнөздүү рухий ка­сиеттердин жыйындысы. 5. К ы р г ы з д ү й­ н ө т а а н ы м ы н д а (Теңирчиликте) жан дене­бой м-н ойдун, сезим м-н туюмдардын «ээси» ж-а тейлөөчүсү, аң м-н кыялдын рухий угуту (Чоюн Өмүралиев). Исламдын кыргыздарга ки­риши м-н жан жөнүндөгү түшүнүк «Куранга» ыла­йык келтирилди (<i>Азирейил</i> жан алгыч). Арис­тотелде («Жан жөнүндө» трактат) жан – тирүү денеден бөлүнбөс активдүү, максаттуу баштал­ма делет; Декарттын дуалисттик метафизикасы жан м-н денени эки бөлөк, өзүнчө турган түпө­зөк катары бөлүп көрсөтөт. | ||
өсүмдүктөрдө) жашап, алар өлгөндө ошол дене­ни таштап (кээде башка денеге өтүп алып), өз алдынча жашай берүүчү өзгөчө бир рухий нер­се.Теисттик диндерде адамдын | |||
3. М а т е р и а л и с т т и к ф и л о с о ф и я­д а: адамдын ички рухий дүйнөсү, жогорку уюшулган материянын касиети катары анын | |||
өздүк аң-сезими. 4. П с и х о л о г и я д а: | |||
Инсанга таандык ж-а ага мүнөздүү рухий ка­сиеттердин жыйындысы. 5. К ы р г ы з д ү й­н ө т а а н ы м ы н д а (Теңирчиликте) | |||
<i>Т. Абдылдабеков. </i>[[Категория:3-том, 215-326 бб]] |
05:52, 30 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖАН (гр. psyhe; лат. anima ) – тирүүлүктүн реалдуулугунун белгиси катары колдонулуп келаткан түшүнүк; жалпысынан адамдын, жаныбарлардын психикалык жашоосуна ж-а ички дүйнөсүнө карата тарыхый жактан өзгөрүлүп туруучу көз караштарды туюндурган атама катары мүнөздөлөт; кайсы бир учурда «психика» термининин синоними катары да колдонулат. Жан түшүнүгү көп маанилүү ж-а мазмуну жагынан да ар түрдүү чечмеленет. 1. Д и н д е: денеге эч кандай көз каранды болбогон, материалдуу эмес өзгөчө бир түпбашат (субстанция); адамдын ж-а жаныбарлардын денесинде (кээде өсүмдүктөрдө) жашап, алар өлгөндө ошол денени таштап (кээде башка денеге өтүп алып), өз алдынча жашай берүүчү өзгөчө бир рухий нерсе.Теисттик диндерде адамдын жаны дегенде бул Кудай жараткан, өлбөс, кайталанбас рух башатын түшүнүшөт. 2. И д е а л и с т т и к ф ил о с о ф и я д а: өзүнчө бир бөлөкчө жашаган, материалдык эмес башталыш; бирдиктүү дүйнө башаттын өнүгүшүнүн эң жогорку формасы. 3. М а т е р и а л и с т т и к ф и л о с о ф и яд а: адамдын ички рухий дүйнөсү, жогорку уюшулган материянын касиети катары анын өздүк аң-сезими. 4. П с и х о л о г и я д а: Инсанга таандык ж-а ага мүнөздүү рухий касиеттердин жыйындысы. 5. К ы р г ы з д ү й н ө т а а н ы м ы н д а (Теңирчиликте) жан денебой м-н ойдун, сезим м-н туюмдардын «ээси» ж-а тейлөөчүсү, аң м-н кыялдын рухий угуту (Чоюн Өмүралиев). Исламдын кыргыздарга кириши м-н жан жөнүндөгү түшүнүк «Куранга» ылайык келтирилди (Азирейил жан алгыч). Аристотелде («Жан жөнүндө» трактат) жан – тирүү денеден бөлүнбөс активдүү, максаттуу башталма делет; Декарттын дуалисттик метафизикасы жан м-н денени эки бөлөк, өзүнчө турган түпөзөк катары бөлүп көрсөтөт.
Т. Абдылдабеков.