ЖАНАЗА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ЖАНАЗА</b> (ар. маркум маанисинде) – кайтыш болгон мусулман адамга багышталып окула тур&shy;ган дуба намаз. Ж. окуу маркумдун күнөөлөрүнүн ж-а кемчиликтеринин кечирилишин кудайдан суранып, жерге берилиши көрсөтүлгөн акыркы мусулмандык зыйнат болуп саналат. Таза жуу&shy;луп, кепинделип, табытка салынган маркумдун сөөгү жамаат (даараты бар эркектер гана) ал&shy;дына жерге коюлат. Ж. окуган имам маркум&shy;дун көкүрөгүнүн тушунда кыбылага карап, жамаат имамдын артында тикесинен турушат. Ж. окууда маркумдун ким (эркек, аял, уул бала, кыз бала) экендиги, жаш курагы (жашы өтүп калган, балакатка – «күнөө» жашына жеткен– эркектерге 12 жаш, аялзаты үчүн 9 жаш, ба&shy;лакатка жетпеген же наристе) айтылып, ошого жараша дуба окулат. Шарият шарты б-ча Ж. окулгандан кийин маркумдун сөөгү жерге бе&shy;рилет. Өзүн өзү өлтүргөндөргө, кайырдиндерге, шейит болгондорго Ж. окулбайт. [[Категория:3-том, 215-326 бб]]
<b type='title'>ЖАНАЗА</b> (ар. маркум маанисинде) – кайтыш болгон мусулман адамга багышталып окула тур&shy;ган дуба намаз. Жаназа окуу маркумдун күнөөлөрүнүн ж-а кемчиликтеринин кечирилишин кудайдан суранып, жерге берилиши көрсөтүлгөн акыркы мусулмандык зыйнат болуп саналат. Таза жуу&shy;луп, кепинделип, табытка салынган маркумдун сөөгү жамаат (даараты бар эркектер гана) ал&shy;дына жерге коюлат. Жаназа окуган имам маркум&shy;дун көкүрөгүнүн тушунда кыбылага карап, жамаат имамдын артында тикесинен турушат. Жаназа окууда маркумдун ким (эркек, аял, уул бала, кыз бала) экендиги, жаш курагы (жашы өтүп калган, балакатка – «күнөө» жашына жеткен– эркектерге 12 жаш, аялзаты үчүн 9 жаш, ба&shy;лакатка жетпеген же наристе) айтылып, ошого жараша дуба окулат. Шарият шарты боюнча жаназа окулгандан кийин маркумдун сөөгү жерге бе&shy;рилет. Өзүн өзү өлтүргөндөргө, кайырдиндерге, шейит болгондорго жаназа окулбайт.  
 
[[Категория:3-том, 215-326 бб]]

07:27, 30 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖАНАЗА (ар. маркум маанисинде) – кайтыш болгон мусулман адамга багышталып окула тур­ган дуба намаз. Жаназа окуу маркумдун күнөөлөрүнүн ж-а кемчиликтеринин кечирилишин кудайдан суранып, жерге берилиши көрсөтүлгөн акыркы мусулмандык зыйнат болуп саналат. Таза жуу­луп, кепинделип, табытка салынган маркумдун сөөгү жамаат (даараты бар эркектер гана) ал­дына жерге коюлат. Жаназа окуган имам маркум­дун көкүрөгүнүн тушунда кыбылага карап, жамаат имамдын артында тикесинен турушат. Жаназа окууда маркумдун ким (эркек, аял, уул бала, кыз бала) экендиги, жаш курагы (жашы өтүп калган, балакатка – «күнөө» жашына жеткен– эркектерге 12 жаш, аялзаты үчүн 9 жаш, ба­лакатка жетпеген же наристе) айтылып, ошого жараша дуба окулат. Шарият шарты боюнча жаназа окулгандан кийин маркумдун сөөгү жерге бе­рилет. Өзүн өзү өлтүргөндөргө, кайырдиндерге, шейит болгондорго жаназа окулбайт.