ИРАКТЫКТАР: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы
ИРАКТЫКТАР , и р а к т ы к а р а б д а р – Ирактын негизги калкы. Иордания, Түркия, Кувейт ж-а Германияда да жашашат. Саны 24,8 млн киши (2007). Араб тилинде сүйлөшөт. Калктын көпчүлүгү ислам дининин шиит (62%), калгандары суннит (34%) багытын тутушат. 7-кда арабдар Ирактын аймагын басып алышып, жерг. калктар (Кош-Өзөн аймагындагы байыркы мамлекеттердин жашоочуларынын тукумдары) м-н ассимиляцияланган. И. дыйканчылык, бакчачылык ж-а мал чарбачылык м-н кесип кылышып, дубалы чийки кыштан согулуп, полу ылай м-н шыбалган, чатыры жалпак, бир же эки бөлмөлүү үйлөрдө, айрым жерлерде камыш алачык – сарифтерде, ал эми көчмөн мал-

чылар жүндөн жасалган чатырларда жашашкан. И. узун көйнөк (дишдаша), ак түстүү ыштан, жеңсиз, кенен кемсел (аба) кийишип, эркектер башына жоолук (яшмаг) оронуп, жүндөн эшилген атайын кармагыч-алкак (агалем)
кийишкен. Аялдар асем кооздук буюмдарды тагынышып, жүзүн жаап жүрүшөт. Тамакашы – негизинен арпа, буудай ж-а курма наны, о. эле күрүч, айран, жер-жемиштер. Майрам күндөрү эт азыктарын колдонушат. Суусундук катары чай, кофе, шербет, лимонад (хамуд),
чалап пайдаланылат. И. мусулман майрамдарын (орозо айт, курман айт), о. эле Республика күнү (14-июль), Эмгек күнү (1-май), Армия күнү (6-январь) ж. б. майрамдарды майрамдашат.
Ш. Керимова.