ИРАН ТАЙПАК ТООСУ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы
ИРА́Н ТАЙПАК ТООСУ Иран (басымдуу бөлүгү), Афганстан ж-а Пакистандын аймагында; четжакалары Ирак м-н Түркмөнстандын түштүгүндө. Батышынан Месопотамия ойдуңу, чыгышынан Инд өрөөнү м-н чектешет. Уз. 2500 кмдей, аянты 2,7 млн км2. Альп-Гималай геосинклиналь облусунда альп ж-а андан илгерки тоо пайда болуу мезгилдеринде калыптанган. И. т. т-нун кеңири аймакты ээлеген ички бөксө тоолору (бийикт. 500дөн 2000 мге чейин) түндүгүнөн Эльбурс (бийикт. 5604 мге чейин, Демавенд
жанартоосу), Түркмөн-Хорасан тоолору, Паропамиз, Ги ндук ушту н батыш тармак тары, түштүгүнөн Загрос, Мекран, Сулайман тоолору м-н чектешет. Ички бөксө тоолорун Деште-Кевир, Деште-Лут, Дашти-Марго ж. б. чөлдөрдү
өзүнө камтыган туюк ойдуңдар ээлейт; аларда кум ж-а шор баскан жерлери, соолуп калуучу көлдөрү арбын кездешет. Чөлдүү ойдуңдарды дөңсөөлөр ж-а тоолор (Кухруд, Чыгыш Иран ж. б.) бөлүп турат. Климаты субтропиктик, кургак, жылдык жаан-чачыны ички бөксө тоолордо 100 ммдей, тоолордо 500 ммге чейин. Эльбурс ж-а Сулайман тоолорунун сырткы капталдарында арбын жаайт (1000–2000 ммге чейин). Дарыялары (Гильменд, Сефидруд, Герируд ж. б.) сууга өксү, негизинен сугатка пайдаланылат. Жарым чөл ж-а чөл, айрым жерлерге талаа ландшафты мүнөздүү. Сулайман тоосунун чыгыш капталын саванна, сейрек токой ж-а жалбырагы күбүлмө токой, Эльбурстун түн. капталдарын нымдуу жазы жалбырактуу субтропик токою ээлейт. Оазисте дыйканчылык, көчмөн чарбачылык өнүккөн. Нефтиге бай, таш көмүр, темир, жез, графит, күкүрт ж. б. кендер да бар.
Ад.: Физическая география материков и океанов. М., 1988; Петров М. П. Иран. Физико-географический очерк. М.,1955.
Э. Н. Султаналиев.