ИРАН РЕВОЛЮЦИЯСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы

ИРА́Н РЕВОЛЮЦИЯСЫ (1905–11) – Ирандагы феодализмге ж-а империализмге каршы бурж. рев-я. Кажарлар династиясы башында турган феодалдык төбөлдөр ж-а аларды колдогон импе­риалисттер м-н жаңыдан курала баштаган улут­тук буржуазия, о. эле дыйкандар, кол өнөрчү­лөр, жумушчулар ортосундагы карама-каршы­лыктардын күчөшүнөн чыккан. 20-к-дын ба­шында Ирандын Улуу Британия м-н падыша­лык Россиянын чала колониясына айланышы ал карама-каршылыктарды ырбатып, ал эми 1905-ж. башталган Россиядагы бурж.-демокр. рев-я И. р-нын чыгышын бөтөнчө тездеткен. Рев-я 1905-ж. декабрда Тегеран, Шираз, Меш­хедде башталган. Рев-ядан чочулаган шах 1906-ж. 5-августта конституциялык түзүлүш кир­гизүүгө аргасыз болгон. 7-октябрда Ирандын 1- межилиси ачылган. Анда шах бийлигин чекте­ген Негизги закон кабыл алынып, ал 1906-ж. декабрда бекитилген. Ушуну м-н рев-янын би­ринчи этабы аяктаган. 1907-ж. рев-янын экин­чи этабы башталып, ага катышуучулар арасын­да либералдык ж-а демокр. багыттар пайда бол­гон. Бул мезгилде дыйкандар, кол өнөрчүлөр, шаардык майда буржуазия активдүүлүк көр­сөтүп, өз талаптарын коё баштаган. Империа­лизмге каршы күрөш күчөп, бурж. рев-ячыл уюмдар (энжомендер) ж-а туңгуч жумушчу уюм­дары түзүлгөн. Негизги законго кошумчалар кир­гизилип, өлкөдө бурж. эркиндик жарыяланган. Бирок И. р-нын тереңдешинен корккон Улуу Британия м-н Россия 1907-ж. августта келишим түзүп, рев-ячыл кыймылга каршы аракеттерин күчөткөн. Ошондон пайдаланган Мухаммед- Али-шах 1908-ж. 23-июнда Тегеранда контр­рев-ячыл төңкөрүш жасап, межилисти ж-а эн­жоменди тараткан. Мындан соң күрөш борбору Иран азербайжандарына ооп, 1908–09-ж. Теб­риз көтөрүлүшү чыккан. Ошону м-н И. р-нын жаңы мезгили башталган. Бул кезде рев-ячыл Тебриз кавказдык революционерлерден ыктыяр­дуу аскер, курал жагынан чоң жардам алып турган. Конституция тарапкерлери 1909-ж. ян­варда Исфахан, Бишур ж. б. шаарларда ж-а ра­йондордо бийликке келген. 1909-ж. Тегеранда Мухаммед-Али-шах тактан кулап, уулу Ахмед шах болгон. Конституция калыбына келтири­лип, рев-янын акыркы этабы башталган. Де­мокр. кыймылдын ийгилигин өз максатына пай­даланган феодал-помещикчил чөйрөлөр, комп­радордук соода буржуазиясы рев-яны андан ары өөрчүткүсү келген эмес. Өкмөт аны басуу үчүн реакциячыл чөйрөлөр ж-а империалисттик державалар м-н келишип кеткен. Империалист­тик державалардын ж-а иран реакциясынын биргелешкен күчү м-н 1911-жылдын аягында И. р. басылган. И. р-нын жеңилиши Ирандын Улуу Британия м-н падышалык Россияга ан­дан ары күнкор болушуна жардам берген. Ошентсе да И. р. Ирандын феодалдык түзүлү­шүнө сокку уруп, коңшу өлкөлөргө чоң таасир тийгизген.