ИРЛАНДИЯ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы
ИРЛА́НДИЯ (ирландча Еire, англ. Irе1аnd) – Батыш Европадагы мамлекет. Ирландия а-нын 5/ 6 бөлүгүн, о. эле анын батыш жээгине жакын жай-

гашкан чакан аралдарды (Акилл, Аран, Клэр ж. б.) ээлеп, Улуу Британия ж-а Түн. Ирландия Бириккен Королдугуна кирген Түн. Ирландия м-н чектешет. Чыгышынан Улуу Британиядан Ыйык Георг кысыгы ж-а Ирланд деңизи аркылуу бөлүнөт. Түн.-батышын, батышын ж-а түштүгүн Атлантика океаны чулгайт. Европадан Түн. Америкага кеткен деңиз жолунда жай-
гашкан. Аянты 70,2 миң км2. Калкы 4364,5 миң (2008). Борбору – Дублин ш. Мамл. биринчи тили – ирланд (гэль) тили, экинчиси – англис тили. Акча бирдиги – евро. И-нын аймагы 4 тарыхый провинцияга – Коннахт, Ленстер, Манстер ж-а Ольстерге (Ольстердин негизги бөлүгү Түн. Ирландиянын курамына кирет) бөлүнөт. Адм.-айм. жактан 29 графтыктан ж-а 5 шаарграфтыгынан турат.

И. – БУУнун (1955), Европа советинин (1949), Европа союзунун (1993; 1973–92-ж. ЕККУнун (1973), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), ЭВФтин (1957), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1957) мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү
. И. – унитардык мамлекет. Конституциясы 1937-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы – парламенттик респ. Мамлекет башчысы – президент (добуш берүү жолу
м-н 7 жылга, бирок эки мөөнөткө гана шайлана алат). Ал мыйзамдарды жарыялайт, судьяларды жогорку кызмат адамдарын дайындайт, куралдуу күчтөрдү башкарат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу парламент, ага президент, өкүлдөр палатасы ж-а сенат кирет. Аткаруу бийлигинин башчысы – премьер-министр. Президент өкүлдөр палатасынын сунушу м-н премьер-министрди, ал эми өкмөттүн башка мүчөлөрүн премьер-министрдин сунушу б-ча дайындайт.
Саясий партиялары: Фине гэл (Бириккен Ирландия партиясы, 1933-ж. негизделген), Фианна фойл («Тагдыр аскерлери», 1926), Лейбористтик партия (1912) ж. б.
Табияты
. И. аралынын чыгыш жээги көбүнчө жапыз, тегиз, түштүгү булуң-буйткалуу, батышында терең булуңдар бар, айрым жээктери риас тибинде. Борб. аймактарында түздүктөр басымдуу; жээкке жакын айрым тоо массивдери 1041 м бийиктикке чейин (Керри тоосу өлкөнүн

эң бийик жери) көтөрүлөт. Чым көң, коргошун, цинк, таш көмүр, алтын ж. б. кендери бар. Мелүүн океандык, дайыма нымдуу климат өкүм сүрөт. Ал негизинен атлантикалык циклондордон улам пайда болот. Кышы жумшак (январдын орт. темп-расы 5–8°С), жайы серүүн (июлдуку 14–16°С). Жылдык жаан-чачыны 700– 1500 мм, тоолордун батыш капталдарында 2000 ммден ашык. Суусу мол дарыялар (эң ириси – Шаннон), көл ж-а саз көп. Өлөң чөп, дайыма жашыл бадалдар, шалбаа, тоолоруна эмен, кайың, мырза карагай мүнөздүү (өлкөнүн айма-

гынын 4%ин токой ээлейт). Өлкөнүн табиятын коргоого алган 104 табигый аймак (а. и. 6 улуттук парк, биосфералык резерваттар, табият коруктары) бар; Уэксфорд резерватында (эл аралык маанидеги суулуу-саздак жер) Гренландия кашка казынын дүйнөлүк популяциясынын 1/ и кыштайт.
Калкы
. Негизги калкы (88,8%и) ирланддар (а. и. гэлдер ж-а цыган-шелттер да бар). Иммигранттар ж-а алардын тукумдары (жалпы калктын 11,2%) негизинен Дублиндин тегерегинде

жашайт, алардын 2,7%и англистер ж-а шотланддар; о. эле Европадан келгендер да арбын. 100 жылдан ашуун мезгил ичинде (1841–1961) И-нын калкы кескин кыскара баштаган. 1961-ж. чейин 2,82 млнго кыскарган. Эмиграциянын мындай кескин күчөшүнө 1845–47-ж. картөшкөнүн түшүмү болбогондугу ж-а эпидемиол. оорунун башталышы себеп болгон. 1960- жылдардан калктын саны акырындап өсө баштаган. 21-к-дын башталышында төрөлүүнүн деңгээли (1000 адамга 14,45 бала) ж-а калктын табигый өсүүсүнүн темпи б-ча (0,66%) Европада алдыңкы орундардын бирин ээледи. И. – Европадагы калкы эң жаш өлкөлөрдүн бири; 15 жашка чейинки өспүрүмдөр 20,9%, эмгекке жарамдуу курактагылар (15–64 жаштагылар) 67,6%, 65 жаштан өткөндөр 11,6% (2006). И. калкынын орт. жыштыгы (1 км2 жерге 60 адам) ж-а шаар калкынын саны (59,3%) б-ча Европада арткы орундардын бирин ээлейт. Ири шаарлары: Дублин (калкы 1,7 млн; өлкөнүн калкынын 40%и), Корк (380 миң), Голуэй (90 миң), Лимерик (100 миң), Уотерфорд (50 миң). Калкынын 88%и католиктер.
Тарыхы
. И-нын аймагын адам б. з. ч. 6-миң жылдыкта мекендеген, б. з. ч. 4-к-да кельт уруулары жашай баштаган. Алгачкы к оомдук түзүлүш кландык (уруу) уюм формасында болуп, анын саркындылары 17–18-к-га чейин сакталган. 3-к. ченде пайда боло баштаган чакан аймактык бирикмелердин негизинде алгачкы мамлекеттер түзүлгөн. 5-к-да христиан дини тарай баштаган. 795-ж. И-ны норманндар басып кирген, бирок алар 1014-ж. кайра ирландиялык кошуундардан жеңилген. 1169–71-ж. И-ны англис-норманн феодалдары басып алып, анын түш.-чыгыш жээгинде англ. Пейл колониясы түзүлгөн. Шаарларда кол өнөрчүлүк м-н соода өнүгүп, мал чарбасы негизги тармакка айланган. Англ. колониячыл саясат 16-к-да өзгөчө күчөп, 16-к-дын аягы – 17-кдын башында Манстер, Ольстер ж-а Лентердин бир бөлүгү колонияга айландырылган. Колониячыларга каршы көп жолу көтөрүлүш чыккан. 16–17-к-да Англия бүткүл И. жеринин 6/ бөлүгүнө жакынын ээлеген. -к-дын аягында И-да ири мануфактура м-н фабрика тибиндеги ишканалар пайда болгон. 1798-ж. «Бириккен ирландиялыктар» (1791-ж. негизделген) коому уюштурган көтөрүлүш басылган соң, И-нын 1782–83-ж. берилген парламенттик автономиясы жоюлган (1801). -к-да И. метрополиянын агрардык базасына айланган. Эмиграциянын күчөшү И-нын тарыхый өнүгүшүнүн мүнөздүү белгилерине айланган. 19-к-дын 70–80-жылдары гомруль (Британ империясынын чегинде өзүн өзү башкаруу) үчүн күрөш күчөп, анын жүрүшүндө Гомруль лигасынын (1873-ж. негизделген) өкүлдөрү башында турган бурж.-либералдык элементтер м-н улуттук кыймылдын рев-ячыл-демокр. тарабы бириккен. 1905-ж. түзүлгөн Шин фейн партиясы И-нын саясий-экон. өз алдынчалыгы үчүн күрөшкөн. 1912-ж. Лейбористтик партия негизделип, анын жетекчилери реформачыл саясат жүргүзгөн. И-дагы рев-ялык кырдаал англ. либералдык өкмөттү 1912–14-ж. парламентке гомруль ж-дө билль (мыйзам долбоору) киргизүүгө мажбурлаган. Бирок аны Улуу Британия м-н И-нын реакциячыл чөйрөсү четке каккан. Улуттук таламдарды революциячыл жол м-н ишке ашы-


рууну көздөгөн 1916-жылдагы И. көтөрүлүшү ырайымсыз басылган.
Улуттук-боштондук кыймылы күч алып, 1919-ж. январда И-нын көз карандысыздыгы жарыяланган. 1921-ж. декабрда Улуу Британия м-н И-нын ортосунда кол коюлган келишим б-ча И. доминиондук статус алган. Бирок түш.-
чыгыштагы ө. ж. өнүккөн 6 графтык Улуу Британиянын бийлигинде калган. 1922–23-ж. гражд. согуш респ-чыл күчтөрдүн жеңилиши м-н аяктаган. Өлкөдө 1932-ж. чейин полициялык кысым тартиби орногон. 1932-ж. бийликке келген Де Валердин (1948-ж. чейинки премьерминистр) өкмөтү Улуу Британия м-н колониялык байланышты үзгөн. 1937-ж. И-нын жаңы конституциясы кабыл алынып, ага ыйык Британиянын мурдагы доминиону «Эйре суверендүү мамлекети» болуп жарыяланган. 2-дүйнөлүк согуштун башында И. өкмөтү өзүнүн бейтараптыгын билдирген. Өлкө аймагынын бир бөлүгүн Улуу Британия бийлеп турган кезде Англия м-н И. согуштук союз түзүүнү мүмкүн эмес деп эсептеген. И. 1949-ж. көз карандысыз респ. деп жарыяланып, ал Британ шериктештигинен
чыккан.
И. – 1955-жылдан БУУ-нун мүчөсү. И. өкмөтү 1963-ж. ядролук куралды сыноого тыюу салуу, 1968-ж. ядролук куралды таратпоо ж-дөгү келишимдерге кол койгон.
1990-жылдардын баш ченинде өлкөдө экон. өсүш башталып, ал ирландиялык «экономикалык керемет» («кельт жолборсу») деп аталган. Курулуш, маалыматтык технология ж. б. секторлордун өтө тез темпте өнүгүүсү байкалган. 1998-ж. к ол к ою лган Англия – И. макулдашуусунун шарты б-ча Түн. И. жашоочуларынын каалоосу б-ча Британиянын карамагында болот. Ошол эле учурда Түн. И-нын калкы И. м-н биригүүнү кааласа, эки тарап тең бардык чараларды колдонушу белгиленген. 1998-ж. референдумда 94% ирландиялыктар «улуттук аймактарды бириктирүү» маселесин колдогон. 1999-ж. И. НАТОнун
«Тынчтык үчүн өнөктөштүк» программасына кошулган. 2002-ж. евро зонасына кирген.
Чарбасы
. И. – дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн бири. ИДПнин көлөмү 177,2 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 41,8 миң долларды түзөт (И. – бул көрсөткүчү м-н дүйнөдө Люксембург, Норвегия ж-а АКШдан кийинки 4-орунду ээлейт). 21-к-дан И. экспорттук чарбага багыт алууда: иштеп чыгаруучу ө. ж. продукциясынын 80%тен ж-а а. ч. продукциясынын 50%тен ашыгы экспорт үчүн өндүрүлөт. Ошол эле мезгилде ө. ж. сырьёсунун 80%тен ашыгы сырттан алынат; өлкөнүн рыногунда о. эле импортук машина, жабдуу, химикат ж. б. даяр продукциялардын үлүшү да зор. Өлкөнүн экономикасынын тез өнүгүүсү айрым социалдык теңсиздикти жаратты (калктын кирешесинин деңгээли б-ча эң бай кат мары м-н эң жакыр к ат марынын ортосундагы айырмачылык өтө зор, бул көрсөткүч б-ча экономикасы өнүккөн өлкөлөрдүн ичинен АКШдан кийинки 2-орунда), жумушчу күчүнүн ж-а аянтты ижарага алуунун баасы көтөрүлдү ж. б. ИДПнин 60%ин тейлөө чөйрөсү, 37%ин ө. ж. ж-а курулуш, 3%ин а. ч., токой чарбасы ж-а балык кармоо түзөт. Экономикасы 2 секторго бөлүнөт: ири чет өлкөлүк (негизинен жогорку технологиядагы ө. ж. тармактары:


электроника, машина куруу, химия) ж-а улуттук (тармак-аш ж-а жеңил ө. ж.). Ө. ж. өндүрүшүнүн көлөмү акыркы жылдары негизинен чет
өлкөлүк компаниялар чыгарган продукциялардын тез көбөйүшүнө байланыштуу. Чет өлкөлүк компанияларга ИДПнин 1/ инен ашыгы, өлкөнүн экспортунун 92%и таандык. Мамл. компаниялар энергетика, транспорт, билим берүү, саламаттык сактоо ж. б. чөйрөлөрдүн негизги тармактарын көзөмөлдөйт.
Ө. ж. – И-нын экономикасынын башкы ж-а
туруктуу өнүгүп жаткан тармактарынын бири. Анын үлүшүнө иштегендердин 15%тейи (298 миң адам) ж-а ИДПнин көлөмүнүн 17%и туура келет. Ө. ж. продукциясын сатуу 2005-ж. 4 эсеге
өскөн. Ө. ж. продукциясынын сатуу наркынын 62%тейи жаңы жогорку технологиялуу 3 тармакка таандык (2005): химия-фармацевтикалык ж-а химия ө. ж.; электроника ж-а электр-тех.
ө. ж.; информ. продукцияларды өндүрүү ж-а таратуу: программалык, магниттик (аудио-, видео кассеталар ж. б.) ж-а оптикалык (CD, DVD-диск ж. б.) алып жүргүчтөр ж. б.
Ички ресурстарынын эсебинен өлкө электр энергиясына болгон муктаждыгынын 40%ин канааттандырат. Энергия балансындагы импорттук нефтинин үлүшү кыскарып, табигый газдын ж-а көмүрдүн үлүшү көбөйүүдө. Чым көң м-н иштеген ири электр станциясы курулган. Отун-энергетикалык балансынын структурасында 58%ти нефть ж-а нефть продукциясы, 22%ти табигый газ, 13%ти көмүр, 4%ти чым көң, 1%ти биомасса (жыгач отун), 2%ти башка калыбына келүүчү энергия түрлөрү (гидроэнергия, шамал энергиясы) түзөт. И-нын түштүгүндө (Корк графтыгында) өлкөдөгү нефть ажыратуучу жалгыз з-д иштейт. 2005-ж. 25 млрд кВт.с
электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 91%и ЖЭС-ке, 4%и ГЭСке, 5%и шамал энергиясына туура келет. Дүйнөдөгү эң ири шамал энергия курулмасы өлкөнүн чыгыш жээгинде (Арклоу ш-на жакын) курулууда. Түстүү металлургиянын негизги тармагы – глинозём өндүрүшү (алюминий ө. ж. үчүн сырьё), о. эле полиметалл кенташтарын казып алуу ж-а байытуу. 2005-ж. 1,5 млн т глинозём, 429 миң т цинк концентраты, 64 миң т коргошун концентраты, 6 т күмүш өндүрүлгөн. Ө. ж-нын башкы тармагы – машина ку ру у; анын пр одук ци яс ынын нар кынын 90%тен ашыгы электроника ж-а электр-тех.
ө. ж-на таандык. Анын негизги продукциялары: жекече компьютер ж-а офис техникалары,

телекоммуникация жабдуулары, электр-тех. буюмдары, прибор куруу продукциялары, автомобиль электроникасы. Жекече компьютер
чыгаруу б-ча (2005-ж. 12 млн даана) И. Улуу
Британиядан ж-а Германиядан калышпайт, ал эми аны экспорттоо наркы б-ча (1006-ж. 18,4 млрд евро) Европада 1-орунда. Тамак-аш (эт, сүт, пиво кайнатуу, спирт, ун ж. б.), текстиль, кийим тигүү тармактары да өнүккөн. Курулуш материалдар ө. ж. жерг. сырьёлордун (акиташ, гипс, доломит, гранит ж. б.) негизинде иштеп, ички рынокко багытталган.
А. ч-нын негизги тармагы – мал чарбасы. И. эт, сүт, жумуртка ж. б. мал чарба ж-а дыйканчылык (картөшкө, арпа, сулуу, тамыры тоют
өсүмдүктөр) продуктуларына болгон ички муктаждыкты толук камсыз кылат. О. эле И. – мал чарба продуктусун экспорттоочу бирден бир
өлкө. А. ч-га жарактуу жери 4,3 млн га (өлкөнүн аянтынын 62%и), анын 91%и шалбаа ж-а жайыт, 9%и айдалат (дүйнөдөгү эң төмөнкү көрсөткүч). 2005-ж. 6,9 млн бодо мал ( 1,1 млну саан уй), 1,7 млн чочко, 6,2 млн кой, 72 миң жылкы, 12 300 миң үй кушу болгон. Мал чарбасы-


нын маанилүү тармагы – эт багытындагы мал асыроо. Балык кармалат.
И. экономикасынын ири ж-а өтө ылдам өнүгүп жаткан сектору – тейлөө чөйрөсү. И. тейлөөнү экспорттоо б-ча дүйнөдө 10-орунду ээлейт. Негизги тейлөө чөйрөлөрү: дүң ж-а чекене соода, финансы, ишкердик ж-а адистик кызмат, мейманкана бизнеси ж-а коомдук тамактануу, билим берүү, о. эле транспорттук, байланыш, адм. тейлөөлөрү. Тез темп м-н өнүгүп жаткан финансы, ишкердик ж-а адистик тейлөө (а. и. компьютердик тейлөө да) мекемелери негизинен Дублиндин тегерегинде жайгашкан. Мында башкы улуттук банктын, чет өлкөлүк ж-а эл аралык 450 банктын филиалдары ж-а бөлүмдөрү орун алган. Кеңеш берүүчү 700гө жакын фирмалар аудит, бухгалтердик эсеп, салык салуу ж. б. б-ча тейлейт. И. – дүйнөгө финансылык, ишкердик ж-а адистик тейлөөнү экспорттоочу негизги өлкө; о. эле Европанын негизги офшордук зонасы болуп саналат. И. компьютердик тейлөөнүн көлөмү (компьютердик ж-а телекоммуникациялык жабдууларды пайдалануу, программалык камсыздоону иштеп чыгуу, маалымат базасын түзүү ж. б.) б-ча Европада 1-орунду ээлейт. Рекреациялык тейлөө ж-а туризм ИДП-нин 6%ин түзөт. Туризмден түшкөн кирешенин жалпы көлөмү – 5,4 млрд евро. 2006-ж. И-га 7,4 млн чет өлкөлүк турист келген.
И. – дүйнөдөгү ички транспорттук коммуникациясы эң жыш өлкө. Автомобиль жолунун уз. 96,6 миң км. Негизги автомагистралдары Дублинди өлкөнүн – Корк, Лимерик, Уотерфорд, Голуэй, Слайго сыяктуу ири шаарлары, о. эле Белфаст (Түн. Ирландия) м-н байланыштырат. Атлантика океанын жээктей Голуэйден түштүктү карай – Лимерик, Корк, Уотерфордго кеткен (Атлантика коридору деп аталган) автомагистралдын мааниси зор. Т. ж-нун уз. 3312 км (2005). Деңиз транспорту чет өлкөлөргө ташылган жүктүн негизги бөлүгүн ж-а эл аралык жүргүнчүлөрдүн 10%тейин ташыйт. Өлкөдө 36 аэропорт бар, анын ирилери – Дублин, Шаннон, Корк ш-нда. Ички суу жолунун уз. 753 км (рекреациялык максатка гана пайдаланылат). Магистралдык газ куурунун уз. 1728 км (2006).
Экспортко электрондук ө. ж. товарлары, дарыдармек, о. эле машина ж-а жабдуу, химикат, тирүүлөй мал, мал чарба продуктулары, алкоголь ичимдиктерин чыгарып, сырттан электроника үчүн компоненттерди, машина куруу продукцияларынын башка түрлөрүн, химикаттарды, нефть ж-а нефть продуктуларын, текстиль, кийим ж-а бут кийим алат. Негизги соода шериктери: Улуу Британия (импорт м-н экспорттун

1/ ), АКШ, Германия, Франция, Бельгия, Нидерланд.
Маданияты
. И-да башталгыч ж-а орто билим алуу милдеттүү түрдө ишке ашырылат. Башталгыч мектептердин көбү мамлекет тарабынан каржыланат, ал эми айрым жерлерде чиркөөлөргө караган мектептер да бар. 1960-ж. чейин орто билим берүүчү мектептер жеке менчик же
чиркөөлөргө караса, 1966-жылдан мамлекеттин карамагына өтүп, кошумча жаңы мектептер салынган. ЖОЖдору: Дублин ун-ти (королева Елизавета I тарабынан 1591-ж. негизделген), Ирландия улуттук ун-ти (1908-ж. коллеждер федерациясы катары уюшулган, учурда Корка, Дублин, Голуэй ж-а Мейнуттагы окуу жайлары карайт), Мейнуттагы улуттук ун-т (католик семинариясы катары да эсептелет), Дублин ш-дык ун-ти (1980) ж-а Лимерика ун-ти (1989) ж. б. И-да 13 техникум ж-а бир катар пед. коллеждер бар. Ирландия королдук академиясы бардык тармактарда ил. изилдөөлөрдү жүргүзөт ж-а каржылайт. Булардан тышкары, И. королдук иск-во академиясы, И. королдук музыка академиясы бар.
И-да 1931-ж. негизделген «Айриш индепендент» (82 миңден ашык нуска), «Айриш таймс»

(117 миң нуска), «Ивнинг геральд» (95 миң) ж. б. күнүнө 5 млндон ашык нускада гезиттер жарык көрөт. 1926-ж. радио уктуруу, 1961-ж. телекөрсөтүү башталган. Учурда улуттук коомдук эки тармак ж-а аймактык радио станцияларын камтыган мамл. «Эйре радио ж-а телекөрсөтүү» (RTE) компаниясы, бир коммерциялык радио уктуруу ж-а 21 жерг. коммерциялык станциялар бар. Телекөрсөтүүлөр үч мамл. каналда (экөө англис, бирөө ирланд тилинде) көрсөтүлөт.
Б. з. алгачкы к-дарында Кухулин ж-дөгү баатырдык эпос жаралып, 8–9-к-да жазылып алынган. О. кылымдарда бард (профессионал акындар) поэзиясы жогору өрүш алып, 18-к-да төмөндөп кеткен. Англиянын колониясы болуп турган учурда ад-ты жай өнүккөн. 18-к-дагы поэзияда (Ф. О,Найв, Ж. Нажент, Б. Мерримен ж. б.) патриоттук идеялар камтылган. 18-к-дын аягында ирланд ад-ты м-н фольклорунун салтын уланткан англис тилиндеги ирланд ад-ты (Т. Мур, Ж. Гриффин, У. Карлтон ж. б.) маанилүү орун ээлеген. 19-к-дын аягында «Ирланд кайра жаралуусу» деген маданий кыймыл башталып, ага драматург У. Б. Йейтс (1865–1939), акындар Ж. Рассел (1867–1935), Ж. Стивенс (1882– 1950), драматург А. Грегори (1852–1932), жазуучу П. Колум (1881–1972) ж. б. жигердүү катышкан. Улуттук-боштондук кыймыл Ш. О’Кейсинин (1880–1964) драмалары м-н прозасында, П. О’Доннелдин, Ш. О’Фаолейндин ж. б. чыгармаларында негизги темага айланган.

И. иск-восунун башаты кельттердин көркөм мад-тынан башталат. 5–11-к-да И-да мунаралуу
чиркөөлөр курулуп, китеп миниатюралары
түзүлгөн. 12–16-к-да имараттар готика ж-а роман стилинде салынган. Кийин Англия үстөмдүгү И-нын иск-восуна да күчтүү таасирин тийгизген. И. иск-восу 18-к-дын аягынан (живописчилер У. Осборн, Н. Хоун Кенже ж. б.) тартып жандана баштап, 20-к-да улуттук реалисттик мектеп (живописчилери Жон Б. Йейтс, Ч. Лэмб ж. б.) калыптанган.
Кельттердин көп үндүү хору тууралуу ирланд сагаларында эскерилет. Жига, рил, хорнпайт, сетданс бийлеринин ирландча түрлөрү бар. 16– 17-к-да ак сөөктүк муз. чөйрөдөн профессионал комп-лор Рор Долл О’Катайн, Ж. ж-а Х. Скоттор, Т. ж-а У. Конелландар чыккан. Романтикалуу И. балладасы ж-а эски арфа музыкасы

18–19-к-да Европада кыйла бааланган. Белгилүү музыканттары: арфачы, комп. Д. Мёрфи, ырчы, комп. М. Келли (18-к.), опералардын автору, ырчы М. Бальф (19-к.), ноктюрн жанрын негиздөөчү Ж. Филд (19-к.) ж. б. Биринчи ирланд операсы 1909-ж. жазылган. Улуттук симфониялык (1948), Ирландия камералык (1963) оркестрлери, Ирландия королдук музыка академиясы (1848) иштейт. Ар кыл эл аралык муз. фестивалдар өткөрүлөт. 19-к-дын акырынан У. Б. Йейтс ж-а А. Грегоринин демилгеси м-н И. адабий театры түзүлгөн. 1901-ж. ал ышкыбоздор м-н биригип, И. улуттук драма коомуна, кийин аббаттык театрга айланган. 1922-ж. драма союзу түзүлгөн. 1929-ж. Э. Хилтон ж-а Мак-Лиаммор театр уюштурган. 1939-жылдан аббаттык театр гель тилинде оюн көрсөтөт.
Ад.: Колпаков А. Д. Ирландия – остров мятежный. М., 1965; Афанасьев Г. Е. История Ирландии. М., 2007; Ирландия // Большая Российская энциклопедия. Т. 11. М., 2008.
Т. Өмүрканова.