ИРОКЕЗДЕР: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы
ИРОКЕЗДЕР , и р э к у о й, и р о к у а – 1) АКШ (Нью-Йорк ж-а Оклахома штаттары) ж-а Канадада (Онтарио ж-а Квебек провинциялары) жашаган индей элдеринин тобу; 2) И. (өздөрүн ходеносауни деп аташат) – АКШ (Нью-Йорк ж-а Оклахома штаттары) ж-а Канадада (Онтарио ж-а Квебек провинциялары) жашаган индей урууларынын тобу. Жалпы саны АКШда 353, 8 миң (2000), ал эми Канадада 49,7 миң киши (2000). Ирокез, о. эле англис тилинде сүйлөшөт. И. христиан (протестанттар, католиктер) динин тутканы м-н көпчүлүгү табигат күчтөрүнө сыйынышат. Алар дыйканчылык ж-а аңчылык м-н кесиптенишкен. Байыркы убакта энелик-уруулук коомдук түзүлүштө жашашкан. 15–16-к-да И-дин уруулар (сенека, каюга, онондага, онейда, могауки) союзу түзүлгөн. Союз Европа мамлекеттеринин Түн. Америкага үстөмдүк орнотуу үчүн жүргүзгөн колониялык согуштарында (17–18-к.) зор роль ойногон. 18-к-дын аягында союз АКШ аскерлери тарабынан тал-

.
каланып, И. АКШ ж-а Канадага резервацияларга көчүрүлгөн. Учурда И. а. ч., курулуш ж-а ө. ж-да иштешет. И-де аялдар бийик статуска ээ, туугандашуу энелик тарап б-ча аныкталат. 1971-ж. Канадада И. Ассоциациясы түзүлгөн.
Ш. Керимова.