ИСАБАЕВ Чалагыз: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 -деги абалы

ИСАБАЕВ Чалагыз (4. 3. 1937‚ Ысык-Көл обл.‚

Ысык-Көл р-ну‚ Темир айылы – 17. 5. 1991‚ Биш­кек) – комузчу‚ кыл кыякчы‚ педагог‚ КРдин эмг. сиң. арт. (1973). Фрунзедеги М. Күрөңкөев атн. муз.-хореогр. окуу жайын бүткөндөн (1957) Кыргыз мамл. филармониясынын К. Орозов атн. кыргыз эл аспаптар оркестринде иштеген. 1958-ж. Москвада өткөн кыргыз ад-ты м-н иск­восунун он күндүгүнө катышкан. 1972-ж. Б. Бей­шеналиева атн. КМИИни бүткөн. 1983-ж. ошол ин-тта комуз классын ачып‚ анда өмүрүнүн акы­рына чейин иштеген. Токтогул‚ Карамолдо‚ Ыбырай‚ Атай‚ Ныязалы‚ Айдаралы‚ Шекербек ж. б. залкар комузчулардын күүлөрүн комузчу­лар ансамбли үчүн иштеп чыккан. Кыргыздын байыркы муз. аспаптары: чоор‚ чопо чоор‚ жы­гач ооз комуз‚ кыл кыяк‚ аса таяк‚ коңгуроо‚ доол‚ сыбызгы ж. б-ны уста О. Кенчинбаевге жасатып‚ «Камбаркан» этногр.-фольклордук ан­самблди уюштурган (1987). Өзүнүн сөзүнө жа­зылган «Жаштык кезге»‚ «Биздин сүйүү»‚ «Кыз­дын үнү»‚ «Фрунзенин оттору» ж. б. ырлардын автору. Жаш комузчулар ж-а студенттер үчүн

«Комуздун тандалма күүлөрү» аттуу туңгуч хрес­томатияны түзгөн. Комузчулар ансамбли‚ «Кам­баркан» тобу м-н дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө гастролдо болгон.