ИСАЕВ Аскар: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 -деги абалы
ИСАЕВ Аскар [15. 3. 1931-ж. т., Кызыл-Аскер р-ну, Кызыл-Аскер кыш. (азыркы Бишкек ш.)] – архитектор, акын, Кыргыз ССРинин эмг. сиң. архитектору (1974). КРдин арх-ра ж-а курулуш академиясынын ардактуу академиги (2005). Москва арх-ра ин-тун бүтк ө н (1955).

1956– 59-ж. «Кыргыздолбоор» ж-а «Фрунзе шаардык долбоор» ин-ттарында архитектор, 1959– 61-ж. Кырг-н архитекторлор союзунун башкармасынын төрагасы (1959–61), Фрунзе шаарынын башкы архитектору (1968–71), «Фрунзе шаардык долбоор» ин-тунда өнөркана жетекчиси (1972–86). И-дин чет өлкөлөрдө (Сирия, Алжир, Ирак, Германия, Швейцария) өткөрүлгөн бүткүл дүйнөлүк көргөзмөлөрдөгү кыргыз павильондору алтын медалдарга татыктуу болгон. Ал жетектеген ¹ 3 өнөркананын архитекторлорунун долбоору б-ча Өкмөт Үйү курулган (1974). И-дин эмгектери: Бишкектеги байланыш үйү куранты м-н (1980), Эркиндик бульварындагы «Сейил» рестораны (1970), Совет көчөсүндөгү 10 кабат турак үй (1973), В. И. Лениндин эстелиги (скульптор А. Кибальников, Т. Садыков, 1984), М. Фрунзенин эстелиги (скульптору А. Посядо, В. Дубиновский 1960– 70), Т. Сатылгановдун эстелиги (скульптору Г. Айтиев, 1960–74), Ч. Айтматов атн. парктагы түбөлүк от (1970) ж. б. И. лирик акын ката-

ры да таанымал. «Таң сыры» (1980), «Жаңырык» (1984) ыр жыйнактары жарык көргөн, «Сары-Челек», «Эңсөө», «Элегия», «Жаш курак» ж. б. ырларына музыка жазылган. «Ардак Белгиси» ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.