ИСАЕВ 5: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы
ИСАЕВ Кусейин (24. 4. 1937-ж. т., Ысык-Көл обл., Ысык-Көл р-ну, Бостери айылы) – социолог, экономика илимд. кандидаты (1967), философия илимд. доктору (1983). КРдин билим берүүгө эмг. сиң. кызматкери (2006). 1961-ж. КМУ-ну бүтүргөн. 1961–62-ж. КМУда окутуучу, улук окутуучу, 1969–99-ж. ФПИде, БГУда декан, 1999–2002-ж. О. Азиядагы Америка ун-тинде проф., 2002-жылдан Кыргыз-Түрк «Манас» унтинде проф. 20дан ашык ил. эмгектин, 250гө жакын ил. макалалардын автору. Ил.-из-лөрү кыргыз коомунун социалдык маселелерине арналган. КРдин социологдор коомунун төрагасы (1991), Эл аралык социологдор ассоциациясынын мүчөсү (1998), Түрк дүйнөсүнүн социология ынтымакташтыгынын вице-президенти (2003). «Ардак Белгиси» ордени м-н сыйланган.
Эмг.: Бүгүнкү мээнет, эртеңки дөөлөт. Б., 1999; Моя свобода – моя гордость. Б., 2001; Народонаселение: качество жизни и здоровье. Б., 2003; 2005- жыл – Кыргызстандын кайра жаңылануусунун башаты. Б., 2005.