ИСКАК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы

ИСКАК Асан уулу [1844-ж. чен, Маргалаң ви­лайети, Охна кыш. (азыркы Кадамжай р-ну, Орозбеков айылы) – 1. 3. 1876, Жаңы Маргалаң ш.] – Кокон көтөрүлүшүнүн (1873–76) жетекчи­леринин бири. Ичкиликтин бостон уругунан. Атасы Асан (Хасан) молдо болуп, жаш кезинен сабаты ачылган ж-а 1867-ж. окуусун аяктап, Охнадагы мечитте иштеген. Кийин диний кыз­матын таштап, Ташкент ш-на кеткен ж-а ал жерден Кудаяр ханды тактан алууну максат кылган кыргыз бийлери м-н таанышкан. Искак­тын өңү Алим хандын уулу Болотко (Полот) куюп койгондой окшош болгондуктан, алар


анын атынан чыгууну сунуш кылышкан. И. ага макул болуп, Болот хан деген ат м-н Кудаяр ханга каршы көтөрүлүштү жетектөөнү мойнуна алган. 1-жолу 1873-ж. Сафед-Буланда, 2-жолу 1875-ж. Ботокара кыш-нда ак кийизге салынып, хан көтөрүлгөн. Калган өмүрү 1873– 76-жылдардагы Фергана өрөөнүндөгү элдик кый­мыл ж-а Россиянын баскынчылыгына каршы күрөш м-н тыгыз байланышта болгон (к. Ис­кактын көтөрүлүшү). 1876-ж. 19-февралда орус аскеринин колуна түшүп, 1-мартта дарга асылган.


Ад.: Кененсариев Т. Искак Асан уулу Полот-хан. Б., 1997.

С. Наркеев.