ИСКАКОВ 1: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы
ИСКАКОВ Издевалды (5. 5. 1948-ж. т., Ысык- Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Саруу айылы) – экономист, проф. (2006), экономика илимд. доктору (2010). Ленинград ун-тинин экономика ф-тин бүтүрүп (1973), Пржевальск педин-тунда мугалим, кафедра башчысы, ошол эле учурда ин-тта партбюронун секретары (1980–88), БУУда доцент, окуу-тарбия иштери б-ча проректор (1989– 95), КУУда окутуучу (1995), 1999-жылдан мамл. ж-а муниципалдык башкаруу кафедрасынын жетекчиси. Анын ил.-из. багыты Кырг-ндагы өз алдынча башкаруу (МСУ) системасынын экономика ж-а финансы маселелеринин түптөлүшүнө ж-а башкаруу процесстерин өнүктүрүүгө арналган.
Эмг.: Система корпоративного управления в Кыргызской Республике. Б., 2004; Экономические и финансовые основы местного самоуправления в Кыргызской Республике. Б., 2006; Экономика местного самоуправления (теория, методология, практика). Б., 2008.