ИСКЕК БАЙЛООЧ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 -деги абалы
ИСКЕК БАЙЛООЧ – кыз-келинге тиешелүү искек сыяктуу кымбат баалуу ж-а майда кооз буюмдар илинип, оң же сол көкүрөккө тагылчу кооздук буюм. И. б-ту кыз-келиндер уздугуна жараша өздөрү жасап алган. Ал бети, тегереги саймаланып, берметтелип, жээги чачыланып, кооздолгон тукаба, нооту, лампук же түстүү жука булгаарыдан жасалган кичинекей тумарча, төрт бурчтуу, көп бурчтуу, жылдызча же тегерек түрүндө болгон. Анын төмөнкү жээгине бекитилген бир нече илмектүү күмүш же жезден жасалган ичке чынжырларга тиш чукуур, оймок, кулак чукуур, тырмак тазалагычка окшогон майда буюмдар илинген.