ИСКЕНДЕРОВА: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы
ИСКЕНДЕРОВА Суусар (8. 5. 1953-ж. т., Чүй обл., Чүй р-ну, Арпа-Тектир айылы) – ад-т таануучу, филология илимд. доктору (2007), КР эл агартуусунун отличниги (1996). 1974-ж. ОшМУнун филология ф-тин бүтүргөн. 1974–79-ж. Ош ш-ндагы Ю. А. Гагарин атн. орто мектепте мугалим, 1980–84-ж. ОшМУда окутуучу, 1984–87-ж. КМУнун кыргыз ад-ты кафедрасынын аспиранты, 1987–94-ж. ушул эле кафедрада окутуучу, улук окутуучу, доцент, 1994–2009-ж. БГУда кафедра башчысы, 2009-жылдан проректор. 2 монография, 60тан ашык ил. эмгектин, а. и. 2 методикалык окуу куралын автору.
Эмг.: Кыргыз адабиятынын тарыхы боюнча методикалык көрсөтмөлөр жана текшерүү иштеринин темалары (авторлош). Б., 1993; Н. Байтемировдун прозалары. Б., 1994; ХХ кылымга чейинки кыргыз кол жазма адабияты менен фольклорунун айрым маселелери. Б., 2005.