ИСЛАМ ИРАН РЕВОЛЮЦИЯСЫ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы
ИСЛАМ ИРАН РЕВОЛЮЦИЯСЫ(1979) – Ирандагы мамл. түзүлүштү ж-а иран коомчулугунун жашоо шартын өзгөрткөн рев-я. 20-к-дын 60–70-жылдарында Иранда М. Р. Пехлеви шахтын жүргүзгөн реформалары мамлекеттин кризистик абалын өзгөртпөгөндүктөн, 9-январда 1978-ж. Кум ш-нда диний окуу жайларынын окуучулары демонстрацияга чыгышкан. Шах аскери аларды атып, рев-янын башталышына түрткү берген. Өлкө аймактарында көтөрүлүштөр күч алган. Көтөрүлүштүн кыймылдаткыч күчүн майда соодагерлер, жумушчулар, ишкерлер, студенттер түзүп, дин кызматкерлери жетектеген. Оппозициянын талабы б-ча М. Р. Пехлеви бир нече өзгөртүүлөрдү (оюн-зоок үйлөрү жабылып, иран календары мусулман календарына алмаштырылган) киргизген. Бирок 1978-ж. сентябрь айында Тегеран (1 млнго жакын) ж. б. шаарларда өкмөткө каршы жумушчулар, кызматкерлер ж-а студенттер чоң демонстрацияларды өткөрүшкөн. Бийлик буга жооп катары 12 шаарга согуш абалын киргизген. Бул учурда Иранда оппозициянын чет мамлекетте сүргүндө жүргөн лидерлеринин бири Р. М. Хомейнинин таасири күч ала баштаган. Бирок 1978-ж. күзүндө оппозициянын ичинде аскердик
төңкөрүштөн корккон М. Р. Пехлеви шах м-н келишүүгө ыктаган топ (К. Санжаби, Ш. Бахтияр, М. Базарган, аятолла К. Шариатмадари) түзүлгөн. 1978-ж. декабрь айынын аягында Ш. Бахтияр М. Р. Пехлеви сунуштаган өкмөттү жетектөөгө макулдук берген. Р. М. Хомейни Ш. Бахтиярдын өкмөтүн мыйзамсыз деп жарыялап, элди рев-яны улантууга чакырган. Тегеранда Р. М. Хомейнинин жактоочулары Рев-ялык ислам кеңешин түзүшкөн (12-январь, 1979). М. Базарган жетектеген Рев-ялык ислам кеңеши Убактылуу рев-ялык өкмөт түзгөн. Рев-я күндөн-күнгө күч алып, Ш. Бахтиярдын өкмөтү кулай баштаган. 1979-ж. 1-февралда Р. М. Хомейни чет мамлекеттен Тегеранга кайтып келген. Р. М. Хомейнинин тапшыруусу б-ча М. Базарган мамлекеттеги кош бийликти тынчтык жол м-н жоюуга аракеттенип, жогорку аскер командачылыгы ж-а Ш. Бахтиярдын өкмөтү м-н сүйлөшүүлөрдү баштаган. 1979-ж. 9-февралда шах гвардиясынын бөлүмүнүн өздүк курамы рев-яга катышкан ААКтын окуу базасына Тегерандын жанында кол салган. Натыйжада, Тегеранда куралдуу көтөрүлүш чыгып, шахтын аскери оппозиция тарабында болгон можахеддер м-н федайлардын отряддарынан жеңилген. 11- февралда шах бийлигинин акыркы таянычы – Ирандын жогорку аскер кеңеши армиянын бейтараптыгын жарыялап, рев-ячыларга кошулган. Тегерандагы көтөрүлүш стихиялуу өтүп, монархия жоюлган. 1979-ж. 30–31-мартта Иранда референдум өтүп, Иран Ислам Республикасы түзүлгөн. 1979-ж. Убактылуу рев-ялык өкмөт кетип, бийлик Рев-ялык ислам кеңешине өткөн. 1979-ж. 2–3-декабрдагы референдумда Ирандын жаңы Конституциясы кабыл алынып, ал б-ча мамлекет башчысы – Ислам рев-ясынын башкы жетекчиси деп аталган. Р. Х. Хомейни мамлекеттин башчысы болуп, анын алдында Улуттук коопсуздук б-ча жогорку кеңеш түзүлгөн. Ислам кеңешинин чогулушу (межлис) ж-а аткаруу бийлиги (президент жетектеген өкмөт) түздөн-түз жогорку динаят жетекчилигине баш ийип калган. Шиит багытындагы ислам дини расмий дин катары кабыл алынган.