ИСЛАМОВ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы

ИСЛА́МОВ Юрий Верикович [1968, Ош (азыр­кы Жалал-Абад) обл., Базар-Коргон р-ну, Арс­танбаб айылы – 31. 10. 1987, Афганистан, сөөгү

РФтин, Свердлов обл-нда­гы, Талица ш-на коюлган] – жоокер-интернационалист, кенже сержант, Сов. Союз. Баатыры (1988). 5-класска

чейин Мичурин атн. мектеп­те (Арстанбаб айылы) оку­ган, кийин Свердлов обл-нун Талица ш-ндагы ¹ 55 орто мектепти бүткөн. 1985-ж. Урал токой-тех. ин-туна өтүп, анын 2-курсунан Сов. Армиянын катары­на чакырылып, Афганстанда кызмат өтөгөн. Буктурмага кабылган жолдошторунун кутулуп кетишине шарт түзүп, акыркы огу калганча аты­шып, курчап алган душмандарды өзү м-н кошо жок кылган. Ленин ордени, «Каармандыгы үчүн» медалы м-н сыйланган. Талица ш-на эстелик тургузулган.