ГРЮНВАЛЬД САЛГЫЛАШЫ, 1410: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:02, 22 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГРЮНВА́ЛЬД САЛГЫЛАШЫ, 1410 (нем. ад-тында – Т а н н е н б е р г а л д ы н д а г ы с а л г ы л а ш у у) – «Улуу согушта» (1409–11) поляк-литва-орус аскерлери Тевтон орденинин аскерлерин кыйраткан чечүүчү салгылаш. Польша королу Владислав II Ягелло командалык кылган аскерлер улуу магистр Ульрих Фон Юнгинген башкарган тевтон аскерлерин Грюнвальд ж-а Танненберг кыш-тарынын жанында талкалаган. Бул катуу сокку Тевтон аскерлеринин Чыгышка агрессиясын токтоткон. Г. с. өткөн жерге 1960-ж. Польша өкмөтү эстелик тургузган.