ИСЛАНДДАР: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы
ИСЛАНДДАР (өздөрүн ислендингар деп аташат) – эл, Исландиянын жерг. калкы. Саны 290 миң киши (2006). О. эле Канада, АКШ, Дания, Швеция, Норвегия ж-а Германияда да жашашат. Исланд тилинде сүйлөшөт. Христиан дининин протестант (лютеран) тармагын тутушат. И. 9–10-к-да Норвегиядан көчүп келген байыркы скандинавиялыктардын тукумдары. 13–14- к-да исланд эли түзүлүп, улут катары калыптана баштаган. И-дын улуттук өсүшүнө Даниянын узак жылдар (1380-жылдан) үстөмдүк кылышы терс таасир тийгизген. Даниялык бийликке каршы күрөштөрдүн негизинде И. 1918-ж. өз алдынчалыкка ээ болуп, эне тили, мад-ты, үрпадат, улуттук салттары өнүгө баштаган. И. мал чарбачылык, балыкчылык ж-а кол өнөрчүлүк м-н кесиптенишип, дубалы темир-бетондон тургузулуп, чатыры шифер ж-а темир м-н жабылган үйлөрдө жашашат. Улуттук кийими аялдарда көбүрөөк колдонулат. Алар жүндөн токулган белдемчи, ак көйнөк, алжапкыч, оймочиймеленген кара же кызыл түстүү чыптама, булгаары бут кийим, айрымдары кара матадан тигилген узун көйнөк (жакасы м-н жеңи баркыттан салынып, кооздолгон), башына кара баркыт калпак кийип же жоолук салынышат. Эркектери матадан тигилген күрмө, шым, жылуу сокмо көйнөк ж-а тизеден өйдө байпак, тюлень терисинен башмак, башына калпак кийишет. Тамак-ашы негизинен эт, балык, дан ж-а сүт азыктары.
Ш. Керимова.