ИСЛАНДИЯ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы
ИСЛА́НДИЯ , И с л а н д и я Р е с п у б л и к ас ы – Атлантика океанынын түн. бөлүгүндө жай гашкан И сл андия а-ндагы мамл ек ет .

Түндүгүнөн Гренланд, чыгышынан Норвег деңиздери м-н чулганып, батышындагы Дания кысыгы И-ны Гренландиядан бөлүп турат. Аянты 103 миң км2. Калкы 312,9 миң (2007). Борбо- ру – Рейкьявик ш. Расмий тили – исланд тили. Акча бирдиги – И. кронасы. Адм.-айм. жактан 23 облуска (сислага) бөлүнүп, алар И. статистикасында 8 регионго биригет (к. таблицаны).
Мамлекеттик түзүлүшү
. И. – унитардык мамлекет. Башкаруу формасы – парламенттик респ. Азыркы конституциясы 1944-ж. 17-июндан күчүндө. Мамлекет башчысы – президент (35 жаштан жогору И. жараны төрт жылдык мөөнөткө шайлана алат). Анын бийлиги бир кыйла чектелген. И. өкмөтү башында премьерминистр турган министрлер кабинетинен турат.
Өкмөт парламент (альтинг) алдында жоопкер, бирок министрлерди президент дайындайт ж-а кызматтан кетирет. Мыйзам чыгаруу бийлиги
63 депутаттан турган альтингге таандык. Ал
1991-ж. чейин жогорку ж-а төмөнкү палатадан турган, учурда бир гана палаталуу. Конституцияга толуктоолор ж-а өзгөртүүлөр парламент аркылуу киргизилет. Саясий партиялары: Көз каранды эместик партиясы, Прогрессивдүү партия, Либералдык партия, Социал-демокр. альянс, Жашылдар ж-а солчулдар альянсы.
И. – БУУнун (1946), НАТОнун (1949), Европа
Советинин (1950), Түн. Советтин (1952) ЕККУ-нун (1973), Экон. кызматташуу ж-а өнүгүү уюмунун (1961), Европа эркин соода ассоциациясынын (1970), ЭВФтин (1945), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1945), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.
Табияты
. Аралдын рельефинде базальт м-н капталган жанартоо платолору (бийикт. 400– 800 м) басымдуу; платолордо көп сандаган жанартоолор (Гекла, Лаки, Аскья ж. б.) жайгашкан. Түн.-батыш, түн. ж-а чыгыш жээктери аскалуу, булуң-буйткалуу – фьорддуу; аралдуу түш.-батыш ж-а түш. жээктери – кумдуу, жайык. Жер титирөө тез-тез болуп турат; 200дөй жанартоо бар, анын 26сы – аракеттеги жанартоо, эң активдүүсү – Гекла. Ысык булактар –

гейзерлер (250дөн ашык) бар. И-нын эң бийик жери – 2119 м (Хваннадальсхнукюр чокусу). Климаты субарктикалык деңиздик. Январдын орт. темп-расы жээктеринде 0°С, тоолордо 10°Сге чейин, июлдуку жээктерде 11°Сден тоолордо 0°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 500–2000 мм, мөңгү жаткан жерлерде 4000 ммге чейин. Мөң-

гүлөрүнүн жалпы аянты 11,8 миң км2 (ирилери – Ватнайёкюдль, Лаунгйёкюдль, Хофсиё- кюдль). Мөңгүлөрдөн башталган дарыяларда босоголор м-н шаркыратмалар көп; гидроэнергияга бай. Көлдөр көп. Тоо тундра, чым көңдүү саз,


кылкандуу шалбаа өсүмдүктөрү, кайың токоюнун чакан массивдери (аймагынын 0,02%ин) ээлейт; көп жеринде өсүмдүк өспөйт. Жээк суулары балыкка бай. И-да 85 аймак коргоого алынган (өлкөнүн аянтынын 12%), андагы Тингведлир улуттук паркы Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.
Калкынын
93%тен ашыгы исланддар; калгандарын негизинен 1990–2006-ж. Борб. ж-а Чыгыш Европадан (поляктар, латыштар, эстондор, мурдагы Югославия өлкөлөрүнөн келгендер), о. эле Чыгыш ж-а Түш.-Чыгыш Азиядан (филиппиндер, тайвандыктар) келгендер. Бала төрөлүү б-ча Европада Ирландиядан кийин 2-орунда (1000 кишиге 14,3 бала), өлүм-житим аз (1000 кишиге 6,2 адам). И. Европадагы жаш курактагы калкы басымдуу өлкө; орт. жашы 35,9 жаш (2005). 15 жашка чейинки балдар калктын 21,8%ин, 65 жаш ж-а андан кары курактагылар 11,7%ин (европ. орт. көрсөткүчтөн кыйла төмөн), эмгек курагындагылар (15–64) 66,5%ин түзөт. Калктын жашынын күтүлгөн орт. узактыгы 80,7 жаш (эркектердики 79,2, аялдардыкы 83,1 жаш). Калктын орт. жыштыгы: 1 км жерге 3,1 киши. Калктын 4/ ү шаарда, анын 1/ инен
ашыгы борб. агломерацияда жашайт. Экон. активдүү калктын 71,8%и тейлөө чөйрөсүндө, 18,7%и ө. ж-нда, курулушта, электр ж-а жылуулук м-н камсыз кылууда, 6,1%и балык кармоодо ж-а аны иштеп чыгарууда, 3,4%и а.


ч-нда эмгектенет. Ири шаарлары: Рейкьявик (калкы 117 миң; 2008), Коупавогюр (28,5 миң), Хабнарфьордюр (25 миң), Гардабайр (9,7 миң), Сельтьяднарнес (4,4 миң), Акюрейри (16,7 миң), Кеблавик (8,3 миң), Сельфосс (6,4 миң) ж. б.
Тарыхы
. И-нын аймагында адам (негизинен норвегиялык колониячылар) 870-жылдан жашай баштаган. Исланддар 875-ж. Гренландияны ачып, 982-ж. аралга түшүшкөн, 1000-ж. ченде Түн. Америкага жеткен. 1000-ж. И. элдик чогулушу – альтинг христиан динин кабыл алган. Ак сөөктөрдүн ич ара чыр-чатагынан пайдаланып, 1262–64-ж. И-ны Норвегия королу басып алган. 1380-ж. И. (Норвегия м-н бирге) Дания униясына, 1397-жылдан Кальмар униясына кирүүгө аргасыз болгон. Норвегия королдук статустан ажырагандан кийин (1537), И-ны Дания өкмөтү башкарган. 1814-ж. И. Дания монархиясынын курамына киргизилген. И-да 19- к-дын 20–30-жылдарында алгачкы майда ө. ж. ишканалары курулган. И. интеллигенциясы улуттук-боштондук кыймылына жетекчилик кылган. Кыймылдын күчөшүнөн улам Дания 1874-ж. И-га ички иштери жагынан чектелген (1903-ж. кеңейтилген) автономия берген. 1896-ж. И-нын биринчи профсоюзу, 1893-ж. алгачкы саясий партиясы (Көз карандысыздык партиясы) негизделген. 1918-ж. 30-ноябрда Дания м-н И- 5 2 нын жекече униясы ж-дө келишим түзүлүп, Дания королу башкарган королдук болуп, И-нын бейтараптыгы жарыяланган. 1920-ж. 18-майда И-нын конститу циясы кабыл алынган. 2- дүйнөлүк согушта (1939–45) И-га англ. аскерлер (1940, май) түшүрүлүп, 1941-ж. «И-ны согуш убагында коргоо» ж-дө АКШ өкмөтү м-н түзүлгөн келишимге ылайык амер. аскерлер м-н алмаштырылган. 1943-ж. декабрда Дания-Исландия униясынын мөөнөтү аяктаган. 1944-ж. 20–23-майда өткөрүлгөн референдумда И. калкы унияны бузуу ж-а респ-нын жарыяланышы үчүн добуш берип, 16-июнда альтинг жаңы конституция кабыл алган ж-а 17-июнда И-ны республика деп жарыялаган. И. Маршаллдын планына (1948), НАТОго (1949) кирген. 1970–90- жылдарда оңчул центристтик ж-а солчул центристтик өкмөттөр бири бирин алмаштырып турган. 1978–79-ж. О. Йоуханнесондун солчул центристтик өкмөтү (Прогрессчил партия, Элдик союз, Эркин ойлоочулар ж-а солчулдар союзу)

улуттук экономиканы өнүктүрүү, калктын турмушун жакшыртуу багытында бир топ чараларды жүзөгө ашырган. 2003-ж. парламенттик шайлоонун жыйынтыгы б-ча Көз каранды эместик партиясы м-н Социал-демокр. альянс партиясы Гейра Хаард жетектеген коалициялык өкмөт түзүлгөн. 2006-ж. АКШ ж-а И. Кеблавиктеги амер. согуштук базаны И. өкмөтүнө өткөрүп берүү ж-дөгү макулдашууга кол коюшкан.
Экономикасы
. И. – дүйнөдөгү эң өнүккөн өлкөлөрдүн бири. ИДПнин өлчөмү 11,89 млрд доллар (2007), аны киши башына бөлүштүргөндө 39,4 миң доллардан туура келет. Экономикасынын негизин балык кармоо ж-а андан азык даярдоо, электр-энергетика ж-а анын базасында өнүп чыккан энергия сыйымдуу алюминий
өндүрүшү, о. эле тейлөө чөйрөсү (негизинен чет элдик туризм, финансы сектору) түзөт. ИДПдеги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 69%, ө. ж. м-н курулуштуку 24,7%, а. ч. м-н балыкчылыктыкы 6,2% (2005).
Ө. ж-нын башкы тармактарынын бири – энергетика ж-а жылуулук м-н камсыз кылуу (ИДП-нин 3,6%и). И. «шаркыратмалар ж-а гейзерлер
өлкөсү» болгондуктан, гидрож-а геотермалдык энергия ресурстарына кыйла бай. Калыбына келүүчү энергия (ККЭ) булагынын негизинде уникалдуу энергетика системасы түзүлгөн. Жылуулук-энергетика балансында ККЭнин үлүшү 72% (анын 17%и гидроэнергия, 55%и геотермалдык энергия); энергия ресурсуна болгон муктаждыгынын 28%ин импорттун эсебинен толуктайт. 2006-ж. 8,68 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 80,8%и ГЭСке, 19,1%и геотермалдык электр станцияларга (ГеоЖЭС) туура келет. Өлкөдө кубаттуулугу 210 МВтга жеткен 5 ГеоЖЭС иштейт. Геотермалдык суулары негизинен шаарларды жылуулук м-н камсыз кылууда (а. и. үй жылытуу, тротуардагы кармузду кетирүү), сүзүү бассейндерин толтурууда, күнө с к ана чарбал арында ж. б. пайдал анылат. И . электр энергиясын киши башына бө л үшт үргө ндө
(29,3 миң кВт.с) дүйнөдө 1- орунда турат. Келечекте
өлкөнүн экономикасын калыбына келүүчү энергия булактарына (а. и. суутек отунуна) толук өткөрүү каралууда. Иштеп чыгуу ө. ж. И ДПни н 12% и н т үзө т . Алюминий ө. ж. – өлкөдөгү маанилүү тармак; ал И-нын
электр энергиясынын 51%ин пайдаланат, продукциясы негизинен экспортко чыгарылат. Кара металлургия ферросилиций өндүрөт. Экономикасынын маанилүү сектору – балык кармоо (ИДПнин 4,8%и) ж-а аны кайра иштетип чыгаруу (2%). И. – балык кармоо ж-а анын продукциясын экспорттоо б-ча дүйнөдөгү алдыңкы
өлкөлөрдүн бири. 2006-ж. 1,4 млн т балык ж-а балык продуктулары кармалган, анын 2/ ден ашыгы путассу, мойва, треска, сельдь ж. б. Балык уулоочу 1692 кемеси бар. Ири порттору: Нескёйпстадюр, Вестманнаэйяр, Эскифьордюр, Гриндавик, Рейкьявик ж. б. Балыкты кайра иштетүүчү ишканалары – балык комбинаттары, муздаткычтар, консерва з-ддору ж. б. деңиз жээктей жайгашкан. Продукциясынын басымдуу бөлүгү (тоңдурулган балык филеси, туздалган ж-а кургатылган балык, балык уну ж-а майы) экспорттолот. Балык ө. ж-нын муктаждыгын канааттандырууга багытталган кеме куруу ж-а аны ремонттоо ө. ж., деңиз продуктуларын кармоо ж-а кайра иштетүүчү, жогорку технологиядагы жабдуу (деңиз толкунунда так иштөөчү тараза ж. б.) чыгаруучу з-ддор бар.


Негизги борборлору: Рейкьявик, Акюрейри, Исафьордюр.
ИДПнин 1,4%ин а. ч. түзөт. Эт, сүт продуктуларына, жумурткага, о. эле жашылчага болгон ички муктаждыгын өзү канааттандырып, бир бөлүгүн Гренландия м-н Фарер а-на сатат. Этжүн багытындагы кой ж-а сүт багытындагы мал
чарбасы өнүккөн. 2006-ж. 455,7 миң кой, 68,7
миң уй, 75,6 миң жылкы (исланд мукур жылкысы; туризмде кеңири пайдаланылат), 166,2 миң үй кушу болгон. А. ч-га жарактуу жери
өлкөнүн аймагынын 22%ин ээлейт (2,2 млн га);
айдоо жерлери негизинен тоют өсүмдүктөрүн (чөп, арпа, картөшкө, тоют чамгыры) өстүрүүгө эле шалбаа ж-а жайыт катары пайдаланылат. Күнөскана чарбасы өнүгүүдө; жылуу булактардын суусу м-н ысытылган күнөсканаларда жашылча, гүл ж. б. өстүрүлөт. 2005-ж. 9,73 миң т дан эгин, 7,25 миң т картөшкө, 1,51 миң т помидор, 1,5 миң т бадыраң, 0,42 миң т сабиз, 0,39 миң т капуста жыйналган.
Чет элдик туризм (негизинен экол.) өнүгүүдө. Туристтерди негизинен аралдын өзгөчө ландшафты (катып калган жанартоо лавалары «ай пейзажын» элестетет), тоолору ж-а фьорддору, жанартоолору ж-а гейзерлери, шаркыратмалары, ачык асман астындагы термалдык суу бассейндери ж. б. өзүнө тартат. 2006-ж. И-га 422 миң турист (анын 25%и Скандинавия өлкөлөрүнөн, 16%и Улуу Британиядан, 13%тен ашыгы АКШдан, 9%тен ашыгы Германиядан) келген.
Транспорттун негизги түрлөрү – деңиз, автомобиль ж-а аба жолдору. Т. ж. жок. Автомо-

биль жолунун уз. 13,1 миң км (2006). Өлкөдөгү 11 аэропорттун 4ү эл аралык аэропорт. Сырткы соодасынын көлөмү 10,07 млрд доллар (2005), анын 3,62 млрд доллары экспортко, 6,45 млрд доллары импортко таандык. Экспортко негизинен деңиз продуктулары (тоңдурулган балык филеси, жаңы кармалган, туздалган ж-а кургатылган, тоңдурулган балык, балык уну ж-а майы, тоңдурулган креветка ж. б.), ө. ж. товарлары (негизинен алюминий, ферросилиций), кеме, а. ч. продукциялары ж. б. чыгарылып, импортко өндүрүштүк продукция, сырьё, ө. ж. курулуш үчүн продукция, транспорт каражаттарын (автомобиль, кеме), нефть продуктуларын алат. Экспорттун 75%и, импорттун 65%и Европа Союзунун өлкөлөрүнө туура келет. Ири соода шериктери: Германия, АКШ, Нидерланд, Улуу Британия, Норвегия, Дания, Швеция, Япония, Испания.
Маданияты
. И-да алгачкы мектеп Хоулардагы епископтордун резиденциясында уюшулган. 1784-ж. Скаульхолттогу мектеп Рейкьвик ш-на көчүрүлгөн. О. кылымдарда агартуучулук иштерин негизинен монастырлар жүргүзгөн. Учурдагы билим берүү системасы мектепке чейинки тарбия (1994), милдеттүү окутуу (1995), толук орто билим (1996), ун-ттер (1997) ж-дөгү мыйзамдар м-н жөнгө салынат. Мектепке чейинки тарбия үчүн акы төлөнөт. Бардык деңгээлдеги окуу жайларында окутуу акысыз. Мамл. окуу жайлары басымдуу. Кесиптик билим берүү 10 жылдык мектептин базасында кесиптик окуу жайларында, төрт жылдык колледждерде ж-а кесиптик мектептерде жүргүзүлөт. Эң алгачкы колледж Рейкьявик ш-нда 1846-ж. негизделген.
Мамл. ЖОЖдору Хоулардагы ун-ттик колледж (1882), Боргарнес ш-ндагы А. ч. ун-ти (1889; 2005-жылдан ун-т), Рейкьявиктеги Изилдөө ун-ти (1911) – ири билим берүү ж-а илим борбору – 20дан ашуун ИИИлерди, а. и. Арни Магнуссон ин-тун (1972; байыркы И. ад-тын изилдейт, курамында Манускрипт музейи бар) камтыйт, Акюрейри ш-ндагы ун-т (1987) ж. б. Менчик ЖОЖдору: Боргарнес ш-ндагы ун-т (1918, 1988-жылдан ун-т), Рейкьявик ун-ти (1998), И. иск-во академиясы (1999) ж. б. Ил. мекемелери: И. илимдер ж-а ад-т академиясы
(1918), И. изилдөө кеңеши (1994; деңиз, технол., а. ч., балык индустриясы, курулуш ИИИлерин бириктирет).
Рейкьявикте Улуттук ж-а ун-т китепканасы (1994), шаардык (1993) китепкана, Улуттук архив
(1882), Улуттук музей (1863), улуттук галерея (1884) Хусавик ш-нда Каттер музейи ж. б. бар.
Күн сайын 5, апта сайын 5 гезит чыгарылат (2007), а. и. «Моргунбладид» (1913-ж. негизделген), Дагбладид-вишир, «Фреттабладид» (2003) ж. б. бар. Мамл., менчик телеканалдар, бир нече коммерциялык ж-а спутниктик каналдар, радио берүүлөр иш жүргүзөт. Мамл. радиостанция 1930-жылдан, улуттук телекөрсөтүү 1966-жылдан иштейт.
Байыркы Скандинавия фольклорунун салтында өнүккөн И-нын адабий мурастары 13-кдан белгилүү. Айрыкча алардын сагалары (баатырдык баяндар) дүйнөлүк ад-тка зор салым кошкон (мис., «Ньял жөнүндө сага», «Эгил жө-

нүндө сага» ж. б.). Снорри Стурлусондун (1178– 1241) «Кенже Эдда» мифтик трактаты, Стурла Тордарсондун сагалары, Х. Пьетурссондун (1614–74) псальмалары» – И. ад-тынын мыкты үлгүлөрүнөн. 18-к-да И. сөз өнөрүнө европ. ад-ттын күчтүү таасири тийген. 19-к. И. ад-тында кайра жандануу мезгили болгон. Бул учурдун көрүнүктүү акындары: Й. Хальгримссон, Б. Тораренсен. 19-к-дын ортосунда биринчи исланд романы (Й. Тородсен, «Кыз-жигит») ж-а исланд пьесасы (М. Йохумссон, «Скуга Свейди», 1864) пайда болуп, 20-к-да И. ад-тынын көрүнүктүү өкүлү Хальдор Кильян Лакснесстин (1902–98) (Нобель сыйл. лауреаты, 1955), Гуннар Гуннарсондун, кийинки авторлордон модернист Т. Вильхьяульмссондун, Э. Каурасондун, акын ж-а прозаик Э. М. Гвюдмундссондун чыгармалары белгилүү.
Эзелки исланддар жер кепе өңдүү узун тамдарда жашаса, 19-к-да калай капталган, 2–3 кабат жыгач тамдар курула баштаган. 1920-
жылдардан И. арх-расына азыркы форма, конструкция, композиция, ыңгайлуулук киргизилип, 4–5 кабат тамдар, ө. ж. курулуштары курулган (арх. С. Гудмундссон, Г. Самуэльссон ж. б.). И. элине жыгачка оюу түшүрүү, сайма, тордоо өнөрү айрыкча мүнөздүү. И-да музыка эзелтен болгонун элдик эпостогу насаат ырлар айгинелеп турат. Христиан дини м-н кошо протестанттык хоралдар киргизилип, ырлар негизинен муз. аспапсыз эле аткарылган. Негизги муз. аспаптары – лангшпиль, скрипка. Профессионал музыка 19-к-дын акырынан калыптана баштаган. Ага негиз салуучулардын бири – улуттук гимндин автору, комп. С. Свейнбьёрнссон. 20-к-да комп-лор чыг-лыгында азыркы муз. техниканы пайдаланып, фольклордук негизде улуттук музыканы түзүүгө аракеттенишкен. Белгилүү комп-лору: П. Исоульфссон, Й. Лейфс, Й. Нордаль ж. б. Й. Аусгейрссон биринчи исланд операсын («Трималык кыз», 1974) жазган. Рейкьявикте Улуттук симф. оркестр (1950), Улуттук театр (1950), И. операсы (1950) ж-а муз. мектептер бар. Эл аралык иск-во фестивалы өткөрүлүп турат (1970-жылдан).
И-нын байыркы сагаларында театр өнөрүнүн
элементтери болгон. Алгачкы театр оюндарын (1720-жылдан) Скаульхольттогу латын мектеби койгон. Ал 1799-ж. Рейкьявикке көчүрүлүп, театр турмушунун жалгыз очогу болгон. Студенттер биринчи исланд драматургу С. Пьетурссондун комедияларын коюшкан. 1860-жылдарда борбордо театр ышкыбоздорунун ийримдери уюшулган. Профессионал театрдын калыптанышына жол ачкан туңгуч театр коому Рейкьявикте 1897-ж. түзүлгөн. Анын базасында 1950-ж. Рейкьявикте Улуттук театр ачылгандан кийин өнүгүүнүн жаңы доору башталган ж-а ошол күндөн Улуттук ж-а шаардык театрлардын сахнасында жыл сайын жаңы спектаклдер коюлуп турат.
Биринчи толук метраждуу кино 1919-ж. тартылган. 1930-жылдарда хроникалуу-даректүү ж-а кыска метраждуу фильмдерди агартуу жолго коюлган. Биринчи толук метраждуу көркөм фильми – «Мооно менен Гвендурдун жоруктары» (1923). Кийин тартылган фильмдердин арасынан Г. Акселдин «Кызыл мантия» (1967) фильми өзгөчөлөнүп турат. 1970-жылдарда мамлекет кино өндүрүшүн камкордукка алгандан кино, кино өнөрү ургаал өнүгүүдө.
Ад.: Серебрянный Л. Р. Исландия: страна – люди хозяйство. М., 1974; Стеблин-Каменский М. И. Культура Исландии. М., 1984; Мир Саги. Становление литературы. Л., 1984. Деловая Исландия: Экономика и связи с Россией в 2001–2003 гг. М., 2003; Хьяульмарссон Й. Р. История Исландии. М., 2003; Исландия // Большая Российская энциклопедия. Т. 12. М., 2008.
Н. Алымкулова, Ө. Бараталиев,
А. Кубатова.