ИСМАИЛОВ Есен: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 -деги абалы

ИСМАИЛОВ Есен (1949-ж. т.‚ Кытай‚ Кулжа ш.) – режиссёр, актёр, КРдин эл арт. (1995). Токмоктогу маданий-агартуу окуу жайын (1967)‚ Б. Бейшеналиева атн. КМИИни (1984)‚ КМУнун юридика ф-тин (1999) бүткөн. 1981–84-ж. Кырг-ндын каратэ курама командасынын ма­шыктыруучусу‚ 1990-жылдан чыгыш жеке оюну­нун эл аралык борборунун башкы директору‚ 2002–05-ж. А. Малдыбаев атн. Кыргыз мамл. опера ж-а балет театрынын директору. Режис-


сёр ж-а актёр катары спек­таклдерди койгон ж-а фильмдерге тартыл ган. 50дөн ашуун ырлардын‚ симф. чыгармалардын авто­ру‚ «Чунтян»‚ «Есен-Д» эс­традалык топтордун көркөм жетекчиси. 1995–2000-ж. КРдин Жогорку Кеңешинин депу тат ы‚ 1994-жыл дан Кырг-ндагы дунгандар ассо­циациясынын президенти. «Манас-1000», «Даңк» медалдары м-н сыйланган.