ИСПАНДАР: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы
ИСПАНДАР (өздөрүн эспаньолес деп аташат) – эл, Испаниянын жерг. калкы. Европа өлкөлөрүндө (Германия, Франция, Швейцария, Португалия, Италия), Латын Америкасында (Аргентина, Мексика, Бразилия), Түн. Америкада (Канада) ж-а Австралияда да жашашат. Жалпы саны 50 млн киши, а. и. Испанияда 40 млндой (2006). Испан тилинде сүйлөшөт. Христиан дининин католик тармагын тутушат. И. м-н бирдикте автономия укугуна ээ болгон аймактарда тилдик, улуттук өзгөчөлүгүн сактап калган субэтностук топтор (каталондор, галицийлер, басктар ж. б.) жашашат. Б. з. ч. 1-миң жылдыкта Пиреней ж. а-на көчүп келген ибер, кельт уруулары И-дын этностук курамын түзгөн. Рим

империясынын тушунда (б. з. ч. 2-к. – б. з. 5-к.) Пиреней ж. а-ндагы урууларды романдаштыруу саясаты жүргүзүлгөн. 5–6-к-да журт которуп келген герман уруулары да жерг. калк м-н ассимиляцияланган. О. эле 711–718-ж. Испанияга басып кирген арабдар, берберлер да испан этносунун калыптанышына таасирин тийгизген. 19-к-дын аягында испан эли улут болуп түзүлгөн. Латын Америкасынын азыркы элдеринин (бразилиялыктардан башкасы) этностук калыптанышына И. чоң таасир тийгизген. И-дын негизги кесиби – дыйканчылык, мал чарбачылык ж-а балыкчылык. Өлкө аймактарынын геогр. шартына карай И-дын турак үйлөрү ар түрдүү. Түш. аймактарда И. байыркы мезгилде жер төлөлөрдө, түн.-батышында үстү саман м-н жабылган, тегерек сымал үйлөрдө (пальясо), кийинчерээк түн. бөлүгүндө дубалы топурактан согулуп же кыш ж-а таштан тургузулган эки кабат үйлөрдө жашашкан. Анын астыңкы кабаты чарбачылыкка, үстүңкү кабаты үй тиричиликке ылайыкташтырылган. Улуттук кийимдери – эркектери тизеге чейин кыска шым, ак көйнөк, ар түрдүү үлгүдөгү желетке ж-а куртка кийип, белине матадан белбоо байланган. Башына кең жээктүү кийиз же чий калпак, бутуна булгаарыдан жасалган же эспартодон токулган бут кийим кийген. Аялдары түрдүү түстө саймаланган узун көйнөк, кенен тигилген белдемчи, алжапкыч, кыска куртка, айрым жерлерде сарафан, башына жоолук салынып же жамынгыч оронушат. Тамак-ашы негизинен эт, балык ж-а жашылча-жемиш азыктарынан даярдалып, суусундук катары кофе, сүт, апельсин, лимон ж-а жүзүм ширелери көбүрөөк колдонулат. И. жаз карнавалы, диний ж. б. майрамдарды майрамдоодо ярмаркалар уюштурулуп, корридалар аренага чыгат. Театрлаштырылган оюндар көрсөтүлөт. И-дын элдик бийи – фламенко.
Ш. Керимова.