ИСРАИЛОВ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы

ИСРАИЛОВ Мукаш (17. 8. 1942-ж. т.‚ Нарын р-ну‚ Миң-Булак айылы) – экономист, экономи­ка илимд. доктору (1998)‚ КРдин эмг. сиң. эко­номисти (2007). Бухгалтериялык эсеп б-ча адис. Фрунзедеги финансы-экон. техникумду (1960)‚ КМУну (1965)‚ Москва экономика-статистика ин­тунун аспирантурасын (1970) бүткөн. Фрунзеде­ги ун комбинатында бухгалтер (1960–65)‚ Кыр­гыз CCР даярдоо министрлигинде экономист (1965)‚ КМУда окутуучу‚ доцент (1965–76)‚ КАЧИде кафедра башчысы (1976–79)‚ Кыргыз айыл чарба министрлигинде Мал чарба ж-а жа­йыт ИИИде бөлүм башчы‚ директордун орун ба­сары (1980–87), КААда кафедра башчысы‚ де­кан‚ проф. (1990–99)‚ КУУда проф. (2000–04), 2004-жылдан КРСУда кафедра башчысы. 40тан ашуун ил. эмгеги‚ а. и. 5 монографиясы жарык көргөн. Медалдар м-н сыйланган.


Эмг.: Проблемы аграрной реформы: управленческо­информационные аспекты. Б.‚ 1997; Cовременные проблемы аграрной реформы (авторлош). Б.‚ 1999; Проблемы развития бухгалтерского учёта и аудита в Кыргызстане. Б., 2003.