ИСТАМБЕКОВА: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы
ИСТАМБЕКОВА Жийдеш Ногойбаевна (10. 5. 1923-ж. т., Ысык-Көл обл., Ак-Суу р-ну, Шапак айылы) – терапевт, медицина илимд. доктору (1973), проф. (1974). Кыргыз ССРинин эмг. сиң. врачы (1973). КММИни бүтүргөн (1946). Талас ш-нда участкалык врач (1947–51), Жалал- Абад обл. ооруканада терапия бөлүмүнүн башчысы (1951–53). 1961-жылдан КММИнин ф-ттик терапия кафедрасынын проф. 80ден ашык ил. эмгеги, а. и. 1 монография, 1 окуу китеби бар. Негизги эмгектери Кырг-ндын бийик тоолуу шартында өпкөнүн өнөкөт сезгенишинин клиникалык-функциялык өзгөчөлүктөрүн ж-а бийик тоолуу Жети-Өгүз курортунун минералдуу сууларынын жүрөк-кан тамыр системасына тийгизген таасирин изилдөөгө арналган.
Эмг.: Гипертоническая болезнь. Ф., 1968; Хроническая пневмония в горных условиях. Л., 1979; Актуальные вопросы пульмонологии. Б., 1990.