ИСТОРИЗМ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы
ИСТОРИ́ЗМ (лат. historia – тарых; өткөндөр тууралуу баян) – объективдүү дүйнөдөгү кубулуштардын пайда болушун, өнүгүшүн конкреттүү тарыхый шарттар м-н байланышта изилдөө принциби. И. – диалектикалык ыкманын ажырагыс бөлүгү. Марксизмге чейинки философияда ал идеализмдин, механизмдин негизинде түшүндүрүлгөн. Марксчыл философтор аны биринчи жолу ил. жактан ырааттуу иштеп чыгышкан. И. бардык кубулуштарды өз ара ички аракетте, байланышта карайт. Түшүнүү зарыл болсо, кандайдыр бир кубулушту курчап турган конкреттүү тарыхый шарты м-н кошо изилдөө талап кылынат, себеби дүйнөдө бири-бири м-н байланышсыз обочолонуп турган эч нерсе жок. И. дүйнөдөгү бардык кубулуштарды тарыхый өнүгүүнүн натыйжасы катары карап, алардын кантип пайда болгонун ж-а өзгөргөнүн, азыркы ж-а келечектеги абалын аныктоо зарылдыгын белгилейт. И. тарыхты конкреттүү изилдебей, өткөндүн фактыларын ошол кездеги шарттарга байланышсыз караганга, чындыкты бурмалап, жансыз схемаларды сунуш кылганга каршы чыгат.