ИСФАРА ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы
ИСФАРА́ ӨРӨӨНҮ Түркстан кырка тоосунун түн. капталында, Кырг-н (Баткен обл-ндагы Лейлек р-нунун аймагы) м-н Тажикстандын чек арасында. Уз. 82 км, орт. жазылыгы 32 км. Басымдуу бийикт. 3200–3600 м, эң жапыз жери 830 м. Өрөөндүн төмөнкү (түн.) бөлүгүн адыр сымал жапыз тоолор, жогорку (түш.) бөлүгүн капталдары тик, кууш капчыгайлуу бийик тоо түзөт. Түн. жагы палеоген ж-а неоген мезгилдеринде пайда болгон кум м-н чоподон, түш. бөлүгү көбүнчө палеозойдун кристаллдуу (акиташ теги, сланец, кумдук) тоотектеринен турат. Климаты континенттик; июль айынын орт. темп-расы 21,9°С. Жылдык жаан-чачыны 112 мм, тоолуу бөлүгүндө 200–350 мм. Агын суулары – Исфара ж-а анын куймалары (Каравшин, Кишемиш, Киндик ж. б.). Өрөөндүн башында жалпы аянты 88,7 км2 болгон 34 майда мөңгү бар. Кумдук ж-а күрөң топурак басымдуу. Түн. жагына эфемер-шыбактуу чөл ж-а кургак талаа ландшафттары мүнөздүү; тоо беттеринде бетеге, кылкан чөп, таракбаш ж-а арча, бадалдуу токой өсөт. Бийик тоолуу бөлүгүн субальп ж-а альп шалбаалуу талаа тилкелери ээлейт. Өрөөндө Тажикстандын Исфара ш. орун алган. Өрөөн жайыт ж-а дыйканчылыкка пайдаланылат.
Б. Амираева.