ИСХАКИЙА ТАРЫКАТЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы

ИСХАКИЙА ТАРЫКАТЫ , Ы с х а к и й й а т а р ы к а т ы – о. азиялык суфийлердин накш­бандия-хожаган жамаатынын бир бутагы; 17– 18-к-да Чыгыш Түркстанда диний-теократия­лык бийлик орнотуу үчүн күрөшкөн саясий топ.
Накшбандия-хожаган ордени 15-к-да эле пайда болуп, 17-к-дан өзүнүн ишмердигин Чыгыш Түркстанга жайылта баштаган. 17-к-дын башын­да ойроттор м-н катар накшбандия жамааты Жаркенттеги хандык бийлик үчүн болгон жерг. башкаруучулардын ички иштерине кийлигише баштаган. Жамааттын ири өкүлдөрүнүн бири Исхак Вали уулу Кожо Шади (Мухаммед Яхья) өлкөнүн башкаруучусу Махмуд ханды бийлик­тен кетирүүгө кириптер кылып, аймакта өз таа­сирин бекемдеген. 17-к-дын 2-жарымында алар моңгол хандарынан бийликти тартып алган. Бирок, бийликке келишкен накшбандия жамаа­тынын өкүлдөрүнүн ортосунда бийлик үчүн өтө курч карама-каршылыктар кайрадан келип чык­кан. Натыйжада, Махмуд-и Азамдын балдары­нын улуусу Мухаммед Амин кожо Ишан-и Ка­лам деген ысым алып «ак тоолук», ал эми анын бир тууганы (Махмуд-и Азамдын төртүнчү уулу) Мухаммед Исхак Вали (Кожо Исхак) тарабы­нан «кара тоолук» (б. а. исхакийа) деп аталган диний агым түзүлгөн. Бул диний агымдардын саясий ишмердүүлүгүнө кыргыздар да жигердүү катышкан. Негизинен кашкарлыктар «ак тоо­луктарды», ал эми Жаркент ш. «кара тоолук­тарды» колдоп, Кашкарга хан болгон ханы Ис­маил дагы «кара тоолуктар» тарабында болуп, ал «ак тоолуктардын» (к. Ышкиййа тарыка­ты) өкүлү Аппак кожону (Идаятулла) Чыгыш Түркстандан Тибетке качууга аргасыз кылган. Бирок, Аппак кожо Галдан Бошокту хандын жардамы м-н 1678-ж. кайрадан бийликке кел­ген. Аппак кожо өлгөндөн кийин «кара тоо­лук» ж-а «ак тоолук» кожолордун бийлик та­лашуусу кайра күчөп, кезек-кезеги м-н «ак тоо­луктар» атанган кашкарлыктар да, «кара тоо­лук» Жаркент ш. да кыргыздардан жардам су­рап турушкан. 1720-ж. Цеван Рабдандын кий­лигишүүсү м-н бийликке кара тоолуктардын өкүлү Даниель кожо келип, ал калмактардын атынан Чыгыш Түркстандагы 6 шаарды баш­карып турган. Ошону м-н Цин империясы Чы­гыш Түркстанды басып алганга чейин бийлик­те кара тоолуктар болгон. 1755-ж. Цин өкмөтү­нүн көмөгү м-н бийликке Бурхан ад-Дин ба­шында турган ак тоолук кожолор келип, кыр­гыздардын башчысы Кубат бийдин колдоосу ар­кылуу кара тоолуктарды бийликтен биротоло четтеткен.


Ад.: Кузнецов В. С. Империя Цин и мусулманский мир. Новосибрск, 1990; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 1. Б., 2003.

Т. Асанов.