ИТ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы
ИТ (Canis lupus f. familiaris) – ит сымалдар тукумундагы сүт эмүүчү айбан. Дүйнөнүн бардык жеринде кездешет. Түпкү теги – карышкыр. Мезолит доорунда колго үйрөтүлгөн; 400дөн ашык породасы белгилүү. Алар дене түзүлүшү, түсү, көлөмү ж. б. белгилери б-ча айырмаланат. Иттин 42 тиши болот. Алдыңкы буту 5, арткы буту 4 (5-си кошумча) манжалуу. Иттин угуу, көрүү, жыт алуу сезими өтө жакшы өнүккөн. Секирүүгө, сууда сүзүүгө да жөндөмдүү. Канчыктары 7–8 айында жетилип, 1–2, кээде 12–18ге


чейин күчүк тууйт. Бирок, алардын 6–7син гана багып чоңойто алат. Күчүктөр бир ай энесинин сүтүн эмип, кийин кошумча эт-сүт, кан, ботко жашылча ж. б. м-н азыктанышат. И. атайын питомникте, аңчылык чарбада ж. б. коомдо, клубда багылат. Иттин мээси дурус өөрчүгөндүктөн, аларды ар кандай иштерге үйрөтүүгө болот. Алар жөндөмдүүлүгүнө жараша үч топко бөлүнөт: аңчы ит, ишчил ит ж-а эрмектик ит. аңчы И. – тайган, такса, лайка, куугунчу, ийинге кирүүчү, боортоктоп жылуучу порода-

лар. Кыргыздар илгертен аңчы И. катары тайганды жогору баалашкан; 2) ишчил И. – бугу баштуу лайка, пудель, чегилме иттер, кавказ, чыгыш европа ж-а түш. орус карышкыр ити; 3) эрмектик И. – француз бульдогу, япон ити, скайтерьер, кандек, шпиц породалары. Ит кутурма, котур, чакалай сыяктуу жугуштуу ж-а мите курттуу ооруларга чалдыгат. И. дайыма вет. текшерүүдөн өткөрүлүп турушу керек.