ИЧИЛҮҮЧҮ СУУНУ САНИТАРИЯЛЫК КОРГОО: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol3>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
09:49, 4 Июль (Теке) 2025 -деги абалы
– ичиле турган суу булактарынын булгануусун (хим. ж-а эпидемиол.) алдын алууга багытталган мыйзамдуу санит.-тех. чаралар. Суу жер астындагы суу булактарынан (жабык), ал эми суу аз же жер астындагы суунун сапаты начар болгондо агын суулардан алынат. Сууну коргоо чаралары Кырг-ндын «Ичилүүчү суу жөнүндөгү мыйзамынын» санит. эреже ж-а норма талаптарына ылайык жүргүзүлөт. Негизинен иш-чаралар өзгөчө режимде чектелген санит. коргоо аймагында жүрөт. Ал үч бөлүктөн турат: 1) талап катуу коюлган аймак. Бул режимдеги аймакта суу топтолот ж-а суу түтүктөрү
чыгуучу имарат жайгашкан. Ал тегерете тосулуп, айланасына бак-дарак өстүрүлүп кайтарылат; 2) булганыч суулар кошулуп, ичиле турган суунун сапатына таасир тийгизбөө үчүн чектелген аймак. Анын чеги суунун булгануусуна ж-а табигый тазаланышына жараша болот; 3) байкоо жүргүзүү аймагы, мында суунун башатына чейин эпидемиялык абал көзөмөлдөнөт. Суу м-н камсыз кылууда борборлоштурулган зыянсыздандыруу, тазалоо, туздардан арылтуу иштери жүргүзүлөт. Сууну санит. коргоону санитэпидемиол. станция жүзөгө ашырат.