ИЧКЕ-СУУ АЛТЫН КЕНИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol3>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
09:49, 4 Июль (Теке) 2025 -деги абалы
ИЧКЕ-СУУ АЛТЫН КЕНИ Баткен обл-нун Кадамжай р-нунда, Тегирмеч, Абшыр, Аустан сууларын бөлүп турган кырларда, деңиз деңг. 3300– 4000 м бийикте жайгашкан. 1987–93-ж. изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы пермдин гранодиориттери, диориттери, кварцтуу диоритпорфирлери м-н жирелген, силурдун кумдуу катмарчалуу алевролиттеринен, кумдуктарынан түзүлгөн. Алтын-кварц-полисульфиддүү кен таштар роговиктешкен көмүртектүү алевролиттерден турат. Алар бири-бирине жакын ж-а тик жантайган (60°–80°) түн.-чыгыш субмеридиан багытындагы жаракалар зонасы м-н байланышкан. Кенташтын негизги минералдары: пирит, арсенопирит, халькопирит, сурьманын сульфат тузу. Кенташтардагы пайдалуу компоненттердин орт. өлчөмү: алтындыкы – 4,5 г/т, күмүштүкү – 84,8 г/т, вольфрам кычкылыныкы – 0,026%, висмуттуку – 0,013%, жездики – 0,068%, сурьманыкы – 0,23%. Алтындын запасы ж-а ресурсу 46,251 т, күмүштүкү – 879,3 т, вольфрам кычкылыныкы – 2691,4 т, висмуттуку – 1428,2 т, жездики – 7067 т, сурьманыкы – 24000 т.