ГУМИЛЁВ Лев Николаевич: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

04:19, 23 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГУМИЛЁВ Лев Николаевич (1.10.1912, Россия, Царское Село айылы – 18.6.1992, Санкт-Петербург) – орус илимпозу, тарых илимд. доктору (1962), геогр. илимд. доктору (1974), Россия Жаратылыш таануу ИАнын академиги (1992). Акындар А. Ахматова м-н Н. С. Гумилёвдун уулу. Ленинград ун-тинин тарых ф-тин бүтүргөн (1946). 20-к-дын 30-жылдарында Борб. ж-а О. Азияда жүргүзүлгөн бир нече археол. ж-а этногр. экспедицияларга катышкан. 1935-жылдан саясий куугунтукка дуушар болуп, 1938-ж. өлүм жазасына өкүм кылынат, бирок ал сүргүн м-н алмаштырылган. Улуу Ата Мекендик согушка жөнөтүлүп, Берлинге чейин барган. 1949–56-ж. кайрадан абакка камалган. Ал Эрмитажда ил. кызматкер, Санкт-Петербург ун-тинин география ф-тинде окутуучу болуп иштеген. Г. этнография, тарых, география, археология, психология илимд. жетишкендиктерине таянып, б. з. ч. 3 – б. з. 15-к-нда Борб. ж-а О. Азияны мекендеген көчмөн элдердин – этностордун келип чыгышын, өнүгүшүн, аларда мамлекеттүүлүк салттын калыптаныш процессин изилдеген. Г. дүйнөлүк көчмөн таануу илимине көчмөндөр дайыма эле кыйраткыч, жырткыч мүнөздөгү жортуулдары менен белгилүү болбостон, өзгөчө шартта жаралган, бөтөнчө цивилизацияны түзгөндүгү м-н да белгилүү деген идеяны киргизип, бүт өмүрүн ушул цивилизацияны ар тараптан изилдөөгө арнаган. Ал сов. этнограф-окумуштуулардан айырмаланып, элдердин келип чыгышын, өнүгүшүн – этногенез процесстерин социалдык эмес, биосоциалдык көрүнүш деп далилдеп, бул процесстерде биоэнергетика (пассионардуулук) басымдуулук кылат деп эсептеген. Бул идеясы анын «Этногенез жана жердин биосферасы», «Этносфера: элдердин тарыхы жана жаратылыштын тарыхы» эмгектеринде кеӊири изилдөөгө алынган. Г-дун этногенез теориясына ылайык этностун өнүгүшү космостон келип турган энергиянын агымдарына жараша болот. Космосто өтө сейрек ж-а кыска убакытта пайда болчу нурлар (Евразия чөлкөмүнүн тарыхында андай нурлануулар 9 гана жолу болгонун да далилдеген) этностун гендик мутациясына таасир берет. Муну «пассионардык түрткү» деп атаган. Ушундай түрткү, пассионарлардын саны канчалык көп болсо, этностун кандайдыр бир тобун ошончолук активдештирет да, ал топ жаӊы этнос түзүп, жаӊы мамлекет, дин, илим-билим ж. б. жаратат. Г. көчмөн элдердин тарыхын изилдөөдө, алардын тарыхында орун алган айрым бир бурулуш окуяларды түшүнүүдө климаттын, ландшафттын өзгөрүштөрүнө басым жасаган. Айрым бир ил. жоболорун далилдөөдө кыргыздардын тарыхынан да мисал келтирген. «Байыркы түрктөр» деген эмгегинде байыркы түрктөрдүн державасынын өнүгүшү ж-а кыйрашы изилденген, о. эле эки доордун – байыркы ж-а о. кылымдын чектеринде О. Азия көчмөндөрүнүн геогр. жайгашуусуна чоӊ көӊүл бөлүнгөн. Чынгыз хандын империясы орустар үчүн улуттук трагедия алып келбегендигин далилдеген. Анын пикири б-ча Батыйдын баскынчылыгынан Руста кыйраган шаарлар м-н кырылган адамдардын саны орус княздарынын ички, өз ара кан төгүшкөн кармаштарынан набыт болгондордон ашык болгон эмес. Өз учурунда Г-дун ил. ой-пикирлери, концепциялары сов. окумуштуулар тарабынан негизсиз сынга алынган. Г. СССР мамл. сыйл. лауреаты (1989). Казакстандын борбору Астана ш-ндагы Евразия улуттук ун-тине аты ыйгарылган. Эмг.: Хунну. М., 1960; Древние тюрки. М., 1967; Поиски вымышленного царства. М., 1970. А. Көчкүнов, Ч. Жумагулов.