ИШЕН-БУЛАК МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:49, 4 Июль (Теке) 2025 -деги абалы

ИШЕН-БУЛАК МӨҢГҮСҮ – Күнгөй Ала-Тоонун түш. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 2,9 км, аянты 4,2 км2. Чоң Ак-Суунун алабын­да жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4650 м, этеги 3400 м бийикте жатат. Кар чеги­нин бийикт. 4000 м. Абляциянын аянты 2,2 км2. Мөңгү оң капталдагы кар көчкүлөрдөн куралат. Куралуу облусу мөңгүнүн «тилинен» омкорул­ма муздар аркылуу бөлүнөт. Мөңгүнүн бети те­гиз, муз жаракалары м-н тилмеленген. Мөңгүдөн Ишен-Булак суусу башталып, Чоң Ак-Сууга сол жактан куят.