ИШМЕРДҮҮЛҮК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol3>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
09:49, 4 Июль (Теке) 2025 -деги абалы
ИШМЕРДҮҮЛҮК , и ш м е р д и к – адамзат коомунун жашоо формасы; субъекттин курчап турган дүйнөнү максаттуу өзгөртүү, о. эле адамдын өзүн-өзү өзгөртүү максатын көздөгөн активдүүлүгүнүн көрүнүшү. И. аң-сезимдүү мүнөзгө ээ; ал коюлган максаттан, пайдаланылган каражаттардан келип чыккан натыйжадан ж-а процесстин өзүнөн турат. Философияда И. принциби антикалык ойчулдар тарабынан эле иштелип чыккан ж-а өзгөчө формада берилген. Платон, б-ча адам И-үнүн материялык ж-а идеялык уюткуларынын башаты катары Кудай – космос м-н нерселер дүйнөсүн жараткан Платон демиургу эсептелген. Кайра жаралуу доорунун философтору И. ж-а анын натыйжалары деп адамдын маңыздуу күчү м-н жөндөмдүүлүктөрүн аташкан. И. принциби классикалык немис философиясында кеңири өнүктүрүлгөн. Марксисттик философия коом м-н таанымдын жашоосунун ж-а өнүгүүсүнүн негизи катары практика түшүнүгүн атоо м-н И-кө карата жаңыча көз карашты сунуш кылган. И-түн түрү көп. Алардын негиздүүлөрү болуп төмөнкүлөр эсептелет: 1) материалдык практикалык И. (жаратылыш м-н коомду өзгөртүп түзүү); 2) идеялыкруханий И. (таанымды, а. и. илимди, көркөм чыгармачылыкты, адеп-ахлак жактарын өнүктүрүү). И. субъектилери социалдык (топтук) ж-а индивиддик (жекече) түрдө болушу мүмкүн. И-түн репродукциялык (кайрадан түзүү) ж-а продукциялык (жаңыны жаратуу) типтерин белгилей кетүү оң.
Ад.: Леонтьев А. Н. Деятельность. Сознание. Личность. М., 2005; Психологическая теория деятельности: вчера, сегодня, завтра / Под ред. А. Н. Леонтьева. М., 2006.