КАБАК УРАН КЕНДЕР ТОБУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:49, 4 Июль (Теке) 2025 -деги абалы

КАБАК УРАН КЕНДЕР ТОБУ Нарын обл-нун Жумгал р-нунда, Көк-Мойнок өрөөнүнүн түн. капталында. Миң-Куш суусунун оң куймалары – Асык-Таш ж-а Чөп-Алачык сууларынын алабын­да, мындагы көмүр кендеринин чегинде, деңиз деңг. 2000–3000 м бийикте жатат. 1947-ж. та­былган. 1947–50-ж. чалгындалган. Кен аймагы карбон, юра, палеоген мезгилдериндеги катмар­лардан турат. Буга Кашка-Суу, Туура-Кабак, Ак- Улак, Сасык-Таш кендери кирет. Уран кенташы юра мезгилиндеги Туура-Кабак свитасынын ¹ 2, 3, 4, 5, 6 көмүр кабаттары м-н байланышкан. Ал көмүр кабаттарында ичке тилке, кабатча түрүндө кездешет. Кенташ чөкмө тибине, б. а. көмүр-настуран формациясына кирет. Негизги минералдары: уран гуматтары, настуран, уран слюдасы, уран көөсү. Кенташтагы урандын орт. өлчөмү 0,14%. 1952-жылга карата кенташтын запасы 1932 миң т, уран – 2687,4 т.