КАБАЛЕВСКИЙ Дмитрий Борисович: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol3>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
09:49, 4 Июль (Теке) 2025 -деги абалы
КАБАЛЕ́ВСКИЙ Дмитрий Борисович [17(30). 12. 1904, Петербург – 14. 2. 1987, Москва] – орус композитору, СССР эл арт. (1963), СССР ПИА-нын анык мүчөсү (1971), Соц. Эмг. Баатыры (1974). Москва консерваториясынын композиция

классын бүтүргөн (1929), 1932–80-ж. ошол жерде сабак берген (1939-жылдан проф.). К. – оркестр м-н скрипка үчүн (1948, СССР мамл. сыйл., 1949), ¹ 1 виолончель үчүн (1949), ¹ 3 фортепьяно үчүн (1952) концерттердин, кантаталардын, «Тарастын үй-бүлөсү» (1950, СССР мамл. сыйл.), «Кола Брюньон» (1937, 2-ред. 1968; Лениндик сыйл., 1972) ж. б. опералардын, 4 симфониянын, балдар ырларынын автору. К-дин оркестр м-н хор үчүн жазылган «Реквиеми» (сөзү Р. Рождественскийдики, 1964) анын ири вокалдыксимф. чыгармасы болуп саналат. Бир нече фильм, драмалык чыгармаларга музыка жазган. 4 Ленин ордени, башка ордендер ж-а медалдар м-н сыйланган. К. чыгармалары Кыргыз мамл. симф. оркестри тарабынан концерттерде аткарылат.