КАБАЛЬЕ Монтсеррат: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:49, 4 Июль (Теке) 2025 -деги абалы

КАБАЛЬЕ́ (Caballe) Монтсеррат (12. 4. 1933-ж. т., Барселона) – испан ырчысы (сопрано). 1954-ж. Барселона консерваториясын бүткөн. Биринчи жолу 1956-ж. Базель операсында Миминин

партиясын (Ж. Пуччини,

«Богема») ырдап чыккан. Дүйнөнүн көрүнүктүү опера­лык театр сценаларында, а. и. «Ла Скалада» (Милан, 1960-жылдан), «Метрополи­тен-операда» (Нью-Йорк, 1965-жылдан), «Ковент-Гар­денде» (Лондон, 1972-жыл­дан) ырдаган. СССРде би­ринчи жолу 1974-ж. «Ла Скала» труппасы м-н гаст­ролдо болгон. Глайндборн фестивалынын ка­тышуучусу (1965). Репертуарынын негизин 19– 20-к-дын башындагы итал. композиторлордун (В. Беллини, Г. Доницетти, Ж. Россини, Ж. Вер­ди, Ж. Пуччини) опералары түзөт. Опералык ка­рьерасын 1992-ж. аяктап, эстрадалык концерт­терде ырчылык ишмердигин улантууда. Көптө­гөн аудио-жазууларды чыгарган, а. и. «Барсе­лона» концерттик программасы (Ф. Меркьюри м-н дуети, 1988) да бар.


Ад.: Пуллен Р., Тейлор С. М. Кабалье. Casta diva. M., 2005.