КАБЕЛЬ ИЗДЕГИЧ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:49, 4 Июль (Теке) 2025 -деги абалы

КА́БЕЛЬ ИЗДЕГИЧ – жерге көмүлгөн же суу астынан тартылган кабель линиясын, анын орнотулган тереңдигин ж-а ток өткөрүүчү зым­дын каптоосу бузулган жерин аныктоочу жаб­дуу. К. и-тин иштеши изделүүчү кабель линия­сынын ар кандай аралыктагы чекиттердин маг­нит талаасынын ургаалдуулугун аныктоого не­гизделген. Магнит талаасы генератор иштеп чы­гарган төмөнкү жыштыктагы өзгөрмө ток м-н түзүлүп, антенна м-н кабыл алынат да, теле­фонго туташтырылган үн күчөткүчүнө бери­лет. Телефон аркылуу үн катуу угулганча, ан­теннаны жылдырып, жер астындагы ж-а суу­нун 300 мге чейинки тереңдигиндеги кабель ли­ниясын аныктоого болот.